Биз менен байланышыңыз

Ислам

Исламда диний толеранттуулук

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Ислам сөзүн арабчадан которгондо «тынчтык» деген мааниси да бар. Бул дин Улуу Алланын рахматы, мээрими катары адамзатты бактылуулукка, тынчтыкка жеткирүү үчүн жөнөтүлгөн. Алла Таала Курани Каримде бардык инсандарды мээримдин, ырайымдын, ынтымактын жана тынчтыктын модели болгон Исламга чакырган.[1] Бүгүнкү күндө исламга каршы күчтөр динибиз менен терроризмди байланыштырууга аракет кылып келе жатканы жашыруун эмес. Ырасында, терроризмдин динибизге ийненин көзүнчөлүк да жакындыгы жок. Исламият – толеранттуулук принцибин карманат. Буга өтө көптөгөн аргументтер бар.

Азирети Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өмүр таржымалына көз жүгүрткөнүбүздө, анын инсан намысын коргоп, аны бийик тутканына күбө болобуз. Инсандар, мейли мусулман, мейли мусулман эмес болсун, жыйынтыгында бир ата, бир эненин балдары. Алла Таала өз китебинде башка макулуктарга караганда инсанды жогору кылып жаратканын баяндайт:

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنٓي اٰدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلٰى كَثيرٍ مِمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضيلاً ﴿٧٠﴾

«Чынында биз адам перзенттерин башка макулуктардан улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) мингизип, таза-пакиза нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук».[2]

Бул аят инсандын канчалык бийик макулук экенин тастыктап олтурат. Адамдын Алла алдында өз жоопкерчиликтери бар. Себеби адам  эркиндиги, акыл-парасаты менен жаратылган. Динибиз адамдардын байлыгынын аз-көптүгүнөн, келбеттүүлүгүнөн эмес, такыбалыгы менен гана айырмаланарын билдирген. Ошондой эле, адамды адамзатка гана таандык болгон адеп-ахлак деген баалуулук башкаларынан өзгөчөлөп турат. Азирети Мухаммед (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун), инсанды көңүл борборуна алып, ислам дининин сыртындагы инсандарга да жакшы мамиле жасоону, кайрымдуу болууну буюрган. Күндөрдүн биринде Азирети Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жана сахабалардын жанынан жаназа (маркум) өтөт. Пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) урмат кылып, ордунан турганда сөөктүн жөөт болгонун айтышат. Алланын Элчиси: «Ал да инсан эмеспи?», – деп жооп берген.[3]

Азирети Мухаммед пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) кошунага да чоң маани берген жана «Коңшусу ач жатканда ток жаткандар бизден эмес» деген.[4] Муну менен Алланын Элчиси коомдук баалуулукка абдан көңүл бурганы белгилүү. «Алланын алдында коңшулардын эң мыктысы – коңшусуна эң жакшы мамиле жасаганы» деген.[5] Демек, коңшу ким жана кандай ишенимге ээ болгонуна карабай, ага жакшы мамиле кылуу сунушталат. Мындан сырткары Ыйык Куранда бир канча жолу кездешкен зекет жана садага амалдары (инфак) да социалдык теңдикти камсыздоо жана жардамдашуу экенин билебиз. Инсандын табиятында жардам берүү, мээрим төгүү, боорукерлик деген асыл сапаттар бар. Ислам дини жок жерден өкүм кылбайт. Ар биринин зор мааниси жана хикматы бар.

Ислам дининин социалдык жашоого дайыма көңүл бөлгөнүн мечиттерде жамаат менен намаз окууну буюрганынан, жума намазын жамаат менен окууну милдет кылганынан эле баамдасак болот. Себеби, Алланын дини – эң улуу жана ынтымактыктын, биримдиктин, достуктун дини. Мына ушундай чыныгы, таза, улуу динди кармангандар башка диндегилерге (кайырдиндерге) катаал мамиле жасашы мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мусулман болбогон бейтаптардын абалын сураганы, оорусу күчөгөндө абасы Абу Талибди зыярат кылганы боюнча риваяттар бар.[6]

Исламдын эң өзгөчөлүгү катары өз динине мажбурлап киргизбейт. Себеби Куран-ы Керимде:

لَٓا اِكْرَاهَ فِي الدّينِ…

“Динде мажбурлоо жок…”[7] деп апачык билдирилген. Бирөөнү күч колдонуп динге киргизүү чынында туура эмес нерсе. Башка дин ээлери динин таратуу жана кабыл алдыруу үчүн түрдүү жолдорго барганын билебиз жана канчалык кан төгүп, шаарларды кыйратканын тарых тастыктайт. А Ислам дининде мындай ыкма дээрлик колдонулбаган деп айта алабыз. Анткени адамдын ишеними кол тийгис. Эгерде күч колдонулуп, кан төгүү менен динге чакырса эч кандай адилеттүүлүк болбойт. Тескерисинче мажбурлоо, кан төгүү, өкүм зордук кылуу күнөө иш деп бааланып, жазага тартылат.

Исламдын негизги принциптеринен бири – адилеттүүлүк болуп саналат. Бул туурасында Курандагы аяттардын кээ бирлерине токтолсок;

اِنَّ اللّٰهَ يَأْمُرُكُمْ اَنْ تُؤَدُّوا الْاَمَانَاتِ اِلٰٓى اَهْلِهَا وَاِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ اَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ اِنَّ اللّٰهَ نِعِمَّا يَعِظُكُمْ بِه اِنَّ اللّٰهَ كَانَ سَميعاً بَصيراً ﴿٥٨﴾

“Алла силерге аманатты өз ээлерине берүүнү жана өкүмдар болгон убагыңарда адилеттик менен башкарууну буйрук кылат. Алла силерге кандай сонун акыл-насаат гана айтат. Шек-күмөнсүз Ал бүт нерсени көрүүчү жана угуучу”.[8]

سَمَّاعُونَ لِلْكَذِبِ اَكَّالُونَ لِلسُّحْتِ فَاِنْ جَٓاؤكَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ اَوْ اَعْرِضْ عَنْهُمْ وَاِنْ تُعْرِضْ عَنْهُمْ فَلَنْ يَضُرُّوكَ شَيْـٔاً وَاِنْ حَكَمْتَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطينَ ﴿٤٢﴾

Эгер өкүм чыгарсаң калыстык менен өкүм бер. Алла адилет болгондорду сүйөт” (Маида, 42).

لَا يَنْهٰيكُمُ اللّٰهُ عَنِ الَّذ۪ينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ اَنْ تَـبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُٓوا اِلَيْهِمْ اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطينَ ﴿٨﴾

“Алла силер менен дини үчүн согушпагандарга жана силерди өлкөсүнөн кууп чыкпагандарга жакшылык кылууңарга жана (ошондой эле) аларга адилеттик менен мамиле жасооңорго тыюу салбайт. Алла адилеттүүлөрдү сүйүүчү”.[9]

Жогорудагы Куран аяттарын окуганда эле исламдын зордукчу дин эмес экени, адилеттикке басым жасаганы байкалат. Бул дин ислам чек арасынын ичинде жашаган башка дин ээлерине да эркиндик берген. Алар каалагандай ибадат кылып, каалагандай ритуалдарын  аткара алышат эле. Керек болсо Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) өзү да алардын сыйынуучу жайына тийбеген. Ибадатканаларына, монастырларына жашынган кайырдиндерге кол салууга каршы болгон. Сахабалары жана халифалары бул принципти карманышкан. Бул себептүү аскер башчыларга эч кандай ыйык жайларга, монастырларга тийбөө боюнча эскертилген. Мусулмандар каратылган аймактардын каада-салттарын сыйлашкандыктан, алар өздөрү каалагандай диний жөрөлгөлөрдү өткөрө алышкан.

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир гана мусулмандарга эмес, бүтүн инсаниятка адилеттик кылууну буюрган. Көп хадистеринде адилеттикке кайра-кайра басым жасалган. Отуздан көп хадисинде Ислам мамлекетинде жашап, коопсуздугу кепилденген башка диндердин (муахид) укугу туурасында сөз кылган.

“Кимдир бирөө муахиддерден бирөөнү өлтүргөн болсо бейиштин жытын да жыттай албайт. А бейиш жыты 40 жылдык аралыктан жыттанат”.[10]

“Ким муахидди өлтүргөн болсо, ага Алла бейишин арам кылат”.[11]

“Улуу Алла бул дүйнөдө башкаларга зулумдук кылгандарга зулумдук кылат”.[12]

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ар убак ислам коомунда жашаган кайырдиндердин малын, жанын, намысын, эркиндигин жана бейпилдигин коргогон. Ислам коомунда жашаган зыммийлерге (мусулман эместерге) эч ким кол сала алган эмес. Алар ошол себептүү гана салык төлөшкөн.

Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жөөттөр менен болгон мамилеси өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Дин элчисинин башка дин ээлери менен болгон мамилеси тууралуу сөз кылып жатканда, иудаизм динин кармангандар менен болгон карым-катнашын эстебей коюу болбойт. Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Меккеден Мадинага көч кылгандан соң Бану Кайнука, Бану Надир жана Бану Курайза аттуу еврей уруулары менен аймактардын укуктары жана милдеттери тууралуу келишимге кол коёт. Бул макулдашууда жөөттөр Азирети Мухаммедди (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) саясий жактан колдоо аркылуу мусулмандар менен бирдей укукка ээ болушкан.[13] Кийинчерээк келишимди бузуп,  Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) баштаган мусулмандарга кыянатчылык кылып, баш көтөрүү менен ички бүтүндүккө доо кетиргени үчүн Медина аймагынан кууп чыгарылган. Бирок Азирети Мухаммед (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жөөт жана христиандарды ахл-и китап (ыйык китеп ээлери) деп билип, аларга жакшы мамиле жасаган. Канчалык аларга жакшы мамиле жасаса да, алар тескерисинче Пайгамбарыбыздан (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) алыстай беришкен. Көпчүлүк мединалык уруулар ислам динин кабыл алып жатканда да еврейлердин дээрлик көпчүлүгү мусулман болушкан эмес. Себеби алардын ишениминде еврейден башка улуттардан пайгамбар болушу мүмкүн эмес эле…

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) эки еврей аялга үйлөнгөн. Алар Бану Надир уруусуна тиешелүү болгон Сафиййа бинт Хуйай жана Райхана бинт Зайд эле. Шариятыбызда момун киши ахли китаптан болгон аялга үйлөнө алат.

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) христиандар менен болгон мамилеси да ар тараптуу жана орток кызыкчылыктарга ылайык болгон. Исламияттын алгачкы оор жылдарында Эфиопияга көчүүгө аргасыз болгон мусулмандар христиан падышасы Нажашинин коргоосуна алынган. Азирети Мухаммеддин (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) еврей жана христиандарга жасаган өзгөчө толеранттуу мамилеси азырга дейре өрнөк болуп келет. Курани Каримде:

وَلَا تُجَادِلُٓوا اَهْلَ الْكِتَابِ اِلَّا بِالَّتي هِيَ اَحْسَنُ اِلَّا الَّذينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ وَقُولُٓوا اٰمَنَّا بِالَّـذٓي اُنْزِلَ اِلَيْنَا وَاُنْزِلَ اِلَيْكُمْ وَاِلٰهُنَا وَاِلٰهُكُمْ وَاحِدٌ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ ﴿٤٦﴾

«Китеп ээлери менен эң жакшы мамиле кылгыла. Жана да дегиле: «Бизге жана силерге түшүрүлгөнгө (китепке) ишенебиз. Биздин кудайыбыз да, силердин кудайыңар да бир. Ага баш иебиз» (деп айткыла)»,[14] деген аят-ы карима да буга далил. Мындан сырткары азирети пайгамбар (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) египеттик Марям аттуу христиан күңгө үйлөнгөн.

Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) башкаларга жакшы мамиле кылуу туурасында эң сонун принцип калтырган. Анын «Мен көркөм адеп-ахлакты толуктоо үчүн жөнөтүлдүм», деген хадиси[15] көп нерсени туюндурат. Демек, кооз адеп-ахлак мусулманга да, мусулман эмеске да бирдей көрсөтүлөт. Улуттар аралык достук бүт дүйнө муктаж болгон маселе. Азирети Пайгамбарга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) Алла тарабынан инсандарга мээримдүү болуу, достукту, бир туугандыкты жогору тутуу, жакшы мамиле кылуу буйрулган. Демек, Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) коңшуну боорго тарткан, алар үчүн дуба кылган, дүйнөлүк жана акыреттик маселелерде жоомарт болгон, абийрин эч качан төкпөгөн.

Христиан болгон нажрандыктар Мадинага келишип, мечитке дигер намазынан кийин киришет. Ибадат убактылары болуп, мечит ичинде сыйынуусун баштаганда сахабалар тоскоол болгулары келишет. Бирок, азирети Пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) аларды токтоткон. Ошондо христиандар Чыгышка карап, ибадаттарын ээн-эркин кылышкан.

Азирети Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) мусулмандар менен жашаган зыммийлерге жакшы мамиле кылууну, коргоону, муктаж болгон убактыларында жардам берүүнү буйруган. Халифалык мусулман-зыммий деп бөлбөй, бирдей, тең укукта башкаруу саясатын жүзөгө ашырган. Мамлекет кедей болгон мусулмандарга жана зыммийлерге каралашып, социалдык абалын чыңдоого жоопкер болгон. Себеби, Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Баарыңар чабансыңар, караган нерсеңерге жооптуусуңар», – деген болчу.[16]

Зыммийлер кадимки мусулмандардай эмгектенүү жана акы алуу укугуна ээ болгон. Келишим боюнча иштеп, алган айлык акыларын каалагандай иштете алышкан. Экономикалык, эмгектик укуктары мусулмандар менен бирдей каралган. Соода-сатыкты эркин жүргүзүп, карызга алып же бере алышкан. Бир гана пайызга (процент), ичимдик жана доңуз этин сатуу сыяктуу коомго зыяндуу иштерди аткаруусуна тыюу салынган. Мусулман коомунда жашаган зыммийлер кесип тандоодо, салт-санааларын аткарууда, иштөөдө болушунча эркин болушкан.

Ал эми Ислам динин таратуу маселесине келсек. Таблиг маанилүү өкүм болгондуктан,[17] мусулман Алла Тааланын улуу динин кулакка угумдуу, жүрөккө жугумдуу болгон хикматтуу, жылуу-жумшак сөздөр менен жеткириши зарыл. Бул Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) дин жеткирүүдөгү ыкмасы болуп саналат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): (Исламды жеткирүүдөжеңилдеткиле, оорлоштурбагыла, сүйүнчүлөгүлө, жек көрсөтпөгүлө», – деп буюрган.[18]

وَلَا تَسُبُّوا الَّذينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللّٰهِ فَيَسُبُّوا اللّٰهَ عَدْواً بِغَيْرِ عِلْمٍ كَذٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ اُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ اِلٰى رَبِّهِمْ مَرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ ﴿١٠٨﴾

«Алардын Алладан башка жалбаргандарын сөкпөгүлө, анан алар да билбестен чектен чыгып, Алланы сөгүшпөсүн. Биз ар үммөткө кылган иштерин ушундай кооз кылып көрсөттүк. Акыры Роббилерине кайтып келишет. Ал аларга эмне кылгандарын айтып берет».[19]

Мусулмандар Алладан башка кудайларга жалбаргандарды, сыйынгандарды сөгүп‑сагып, жахилдик кылып, алардын Алланы сөгүүлөрүнө себепкер болбошу керек. Т.а, аларды сыйынган нерселери себептүү, алар тарабынан урматталган нерсени аралаштырып, мисалы, «Сыйынган нерселериң менен куурап кал!» же, «Диниңер мындай, тигиндей…» – деп жаман сөз айтуу, алардын жан‑дүйнөлөрүнө, сезимдерине кордук көрсөткөндөй болуп калат. Алар да ачууланып, билбегендери себептүү, так эле мусулман колдонгон сөздөрдү колдонуп, чектен чыга Алланы сөккөн болуп саналат. Момундар бул сөгүүгө себепкер болуп калуудан качышы керек. Демек, момундар алардын капырдыктарын, ширктерин сөгөбүз деп жатып, өз динине да так ошондой жаман сөздүн айтылышына себепкер болуп калбашы зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, башка диндегилердин ыйык туткан нерселерин сөгүү исламий адеп-ахлакка туура келбейт. Башка диндегилерди же динсиздерди исламиятка чакырууда эң жакшы сөздөрдү айтуу абзел. Себеби, эң жакшы динди эң жакшы жеткиргенге не жетсин. Адашкандардын өзүн эмес, балким адашкан жолун жек көрүү туурадыр. Кандай болгон күндө да, башка диндегилерге толеранттуу мамиле жасоого аракет кылуу зарыл. Бирок, бул дегенибиз аларды баарынан артык көрүп, ашкере урмат кылуу дегенге жатпайт. Биздин жолубуз, оюбуз, чечимдерибиз Ыйык Куран[20] жана сүннөткө[21] дал келүүгө тийиш. Тагыраагы, биздин динибизге кара санап, тынымсыз душмандык кылган тараптар көңүлдөн сырт калбоого тийиш…

Ислам – толеранттуулуктун дини. Биздин бардык аракетибиз ислам динине толук дал келүүгө тийиш. Ачууга алдырып же сезимге жеңдирип, ар кандай чукул кадамга баруу жакшы иш эмес. Момун киши сабырдуулукту, айкөлдүктү, толеранттуулукту көрсөтүп, кай жерде болсо да исламды чагылдырат. Ал суктанарлык адеп-ахлагы жана жүрүм-туруму менен динге чакырат.

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев


[1] https://sorularlaislamiyet.com/islamin-sevgi-baris-ve-hosgoru-dini-olduguna-dair-ornekler-verir-misiniz

[2] Исра сүрөсү, 70

[3] Муслим, Жанаиз, 78, хадис №1596

[4] Хаким, Мустадрак, 4/183, №: 7307

[5] Дарими, Сияр, 3

[6] Имам Бухари, 1356

[7] Бакара сүрөсү 2/256

[8] Ниса сүрөсү, 58

[9] Мумтахина сүрөсү, 8

[10] Бухари, 6914

[11] Имам Ахмад, 19864; Имам Абу Дауд, 2760

[12] Муслим, 2613

[13] Ахмад ибн Ханбал, 1979

[14] Анкабут сүрөсү, 46

[15] Имам Ахмад, 8729

[16] Бухари, Ахкам, 1, Жумъа 11, Истикраз 20, Итк, 17, 19, Васайа 9, Никах 81, 90; Муслим, Имаарат, 20, (1829); Тирмизи, Жихад 27, 1705; Абу Дауд, Имаарат 1, (2928)

[17] Аали Имран, 110

[18] Бухари, Илим 12

[19] Анаам сүрөсү, 108

[20] Маида сүрөсү, 51; Кахф, 4-5; Ниса, 171; Бакара, 111 ж.б.

Булак:  muftiyat.kg

Ислам

Исламда адилеттүүлүк

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Ддд

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Хак (акыйкат) диндердин максаты – адамдар арасында тең укуктуулукту, боордоштукту, адилеттүүлүктү орнотуу жана адамзатты чыныгы бак-таалайга жеткирүү. Буга чейинки өзгөрүүгө дуушар болгон акыйкат диндерди оңдоп-түзөгөн ислам дини адамзат үчүн эң зарыл эсептелген принциптерди койгон. Адилеттүүлүк принциби мына ушулардын бири.

Ислам пайгамбары Азирети Мухаммед (с.а.в.) өмүр бою кара кылды как жарган калыстыгынан тайган эмес. Ал өмүрүнүн соңку учурларында мындай деген: «Эй инсандар! Ушуну жакшы билгиле, кудайыңар бир, атаңар бир. Арабдын араб эместен, араб эместин арабдан, ак терилүүнүн карага, кара терилүүнүн акка үстөмдүгү жок».[1] Демек, адам баласы тегине, расасына, улутуна, уруусуна, үй-бүлөсүнө, социалдык абалына, тилине ж.б. карабай бирдей. Жараткан Алла өзү аль-Аадил болгондуктан,[2] пенделерине да адилеттүү болууну буюрган.

اِنَّ اللّٰهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْاِحْسَانِ وَايتَٓائِ ذِي الْقُرْبٰى وَيَنْهٰى عَنِ الْفَحْشَٓاءِ وَالْمُنْكَرِ وَالْبَغْيِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ﴿٩٠﴾

«Чындыгында Алла адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыят. Алла силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөрсүңөр».[3]

Коомдун бардык бөлүгүндө адилеттүүлүк болсо, тең салмактуулук, тынчтык, бейпилдик өкүм сүрөт. Адилеттик биринчи кезекте үй-бүлөдө сакталууга тийиш. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегендей, үй-бүлөдө адилеттүүлүк көргөн жана тарбия алган личность коомдук жашоого аралашканда калыстыктан тайбай жашаганга аракет кылат. Үй-бүлөдөгү адилеттүүлүк боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в.) төмөнкүдөй буйруган:

اعْدِلُوا بَيْنَ أَوْلَادِكُمُ اعْدِلُوا بَيْنَ أَبْنَائِكُمْ

«Балдарыңарга адилеттүү мамиле жасагыла, балдарыңарга адилеттүү мамиле жасагыла».[4]

О. э. «Алладан корккула жана балдарыңардын арасында адилеттүү болгула», – деп буюрган.[5] Башка хадис-и шарифинде, «Балдарыңар арасында теңдикти сактагыла», – деп насаат кылган.[6] Үйдө адилеттик жана калыстыкты сезип, түшүнүп жана аңдап эрезеге жеткен бала келечекте башкаруучу болобу же карапайым жумушчу болобу, калыстык менен иш алып барат. Эгерде ата-энелер кайсы бир баласына артыкчылык берип, ашыкча сүйүп, бирок башкасына жаман мамиле жасаган болсо, анда аят жана хадиске каршы иш кылган болуп калышы толук мүмкүн. Үйүндө адилеттүү мамиле көрбөй чоңойгон бала ата-энеге жана тууган-урукка кайрымсыз, коомго зыяндуу индивид катары аралашуу коркунучу бар…

Адилеттүүлүк башкаруучулар, жетекчилер жана соттор үчүн өтө зарыл маселе болуп саналат. Бул айтылгандар адилеттикти сактабаса, анда коомдо тең салмактуулук жоголот; түшүнбөстүктөр, нааразычылыктар жана конфликттер жүз берет. Ошондуктан эл тагдырын чечкен жакшылар  Расулалланын, «Эгер кайсыл маселеде өкүм берсеңер да адилеттүү болгула», – деген[7] насаатын туу тутунушу керек. Ата-бабаларыбыздын «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген улуу сөзү да жөн жеринен айтылбаган. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.), «Мамлекеттик башкаруу эң негизги коргоочу. Туура эместиктер менен ал аркылуу (же болбосо укук жолу менен) күрөшүлөт жана ал аркылуу (коркунучтардан) корголот. Башкарууну колго алгандар эгер Алладан коркууга чакырса жана адилеттүүлүк менен башкарса, соопко ээ болот. Эгерде мунун тескерисин жасаса, анда убалын тартышат», – деген.[8] Демек, мусулман башкаруучу кол алдындагыларды адилет башкарышы шарт. Ошондой эле Азирети пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деп буюрган: “Үч кишинин дубасы кайтарылбайт, кабыл болот:

1) Орозо кармаган кишинин иптар мезгилиндеги дубасы.

2) Адилеттүү өкүмдардын дубасы.

3) Зулумдук көргөн кишинин дубасы.[9]

Демек дубасы түз кабыл болгон үч кишинин бирөөсү адилеттүү жетекчи. Адилеттүүлүк менен башкарган өкүмдар эки дүйнөдө тең уткурбайт. Бул дүйнөдө мамлекетке тынчтык жана бейпилдик орнотсо, акыретте чоң даражаларга көтөрүлөрү чындык.

سَبْعةٌ يُظِلّهُم اللهُ فى ظِلِّه يوم لا ظِلَّ إلا ظِلّهُ: الإمام العادلُ…

Алланын көлөкөсүнөн (коргоосунан) башка көлөкө (коргоо) жок күнү Өз көлөкөсүнө  (коргоосуна) ала турган жети адам бар: Адилеттүү башкаруучу…[10]

Алланын коргоосунда (көлөкөсүндө) болуучу жети түрдүү адамдын ичинен адилеттүү башкаруучу биринчи болуп айтылган. Бул эмне деген улуу даража?! Ал эми адилетсиз башкаруучулардын өтө оор азапка дуушар болору тууралуу да рабаяттар бар.[11] Айтылуу Калыгул олуя:

«…Эл жакалай конбосо

Бетегелүү бел карып,

Улугу калыс болбосо

Убара болот, эл карып».[12]

-деп башкаруучу адилеттүү болбосо, калк гана зыян тартарын таамай айткан.

Адилеттүүлүк эң көп талап кылынган институт шексиз түрдө сот болуп саналат. Бул жерде адилеттүүлүк менен өкүм чыкпаса, жеке кызыкчылыктар алдыга чыкса, коом ичинде араздашуу жана бытырандылык көп катталышы мүмкүн. Динибиз адам тагдырын чечкен сотторго чоң жоопкерчилик жүктөгөн.[13]

وَاِنْ حَكَمْتَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطينَ ﴿٤٢﴾

Эгер өкүм чыгарсаң калыстык менен өкүм бер. Алла адилет болгондорду сүйөт”.[14]

Ыйык Куран-и Каримдин дагы бир аятында Алла Тааланын адилеттүүлөрдү сүйөрү белгиленген.[15] Ал эми, хадис-и шарифтердин биринде мындай деп айтылган:

إِنَّ الْمُقْسِطِينَ عِنْدَ اللَّهِ تعالى عَلَى مَنَابِرَ مِنْ نُورٍ عَنْ يَمِينِ الرَّحْمَنِ، الَّذِينَ يَعْدِلُونَ فِي حُكْمِهِمْ وَأَهْلِيهِمْ وَمَا وَلُوا

«Кол алдындагыларга, үй-бүлөлөрүнө жана жоопкерчилигиндеги адамдарга адилеттүүлүк кылгандар Алланын астында, Рахман атайын Өзү даярдаган нурдан болгон минбарлардын үстүндө мейман болушат».[16]

Адамзатка улуу өрнөктүүлүктү көрсөтүп кеткен пайгамбарыбыздын (с.а.в.) адилеттүүлүгү өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Бул жөнүндө сөз болгондо төмөнкүлөрдү эстебей коюуга болбос:

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) абдан адилеттүү жана ынсаптуу киши эле. Анын адилеттүүлүгүн душмандары да моюндашар эле. Өтө кыйын жана татаал маселелерде уруулар анын калыстыгына кайрылышып, чечимин урмат менен кабыл алышкан. Бир жолу пайгамбарыбыз (с.а.в.) согушта колго түшкөн олжолорду таратып жаткан эле. Эл ушунчалык көп топтолот. Ал тургай бир киши түртүшүп отуруп, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) үстүнө минип калат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) колундагы ичке таягын өйдө көтөргөндө таяктын учу жанагы кишинин бетине тийип, тытып кетет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дароо таягын ал кишинин колуна карматып: – Мен сени чапкандай кылып, сен да мени чап, – дейт, бирок ал киши:

– Оо, Алла Тааланын расулу, жок, мен сизге таарынган жокмун,[17] – деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) адамдардын жакындыгына же башка өзгөчөлүктөрүнө карап бөлүнүп-жарылуучулук кылбастан, бардыгына бирдей мамиле жасаган. Анын көз-карашы боюнча бай-кедей, улуу-кичүү дебестен бардыгы бирдей эле.

Бадр согушунда колго түшкөн туткундардын арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) али мусулман боло элек аталаш агасы Аббас (р.а.) да бар эле. Туткундар айып акча төлөп, кутулуп кетип жатышкан. Анткени ушундай чечим кылынган болчу. Ансарлардын (жергиликтүү калктын) айрымдары пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Аббастын (р.а.) туугандыгын билишкен соң ага кечирим көрсөтүлүшүн суранышат. Ошондо адамзаттын мырзасы (с.а.в.): “Жок, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Ал төлөй турган айыбын толугу менен төлөсүн, бир да тыйыны кем болбосун,” – деген.[18] Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өмүр бою эч кимге өзгөчөлүк менен мамиле кылбай, эрежелерди жана мыйзамдарды бардык кишилер үчүн бирдей колдонгон. Ошондой эле жолдошторунун арасында да өзүнө өзгөчө мамиле көрсөтүлүшүн жактырган эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) пайгамбар боло электен мурун аны менен соода-сатык кылгандар анын чынчылдыгын жана чындык үчүн жүргүзгөн иш-аракетин абдан жогору баалашкан. Ал тургай анын пайгамбар катары жиберилгенин угушкандан кийин душман болгондор да аманаттарын тапшыруудан кайра тартптаган. Бир күнү бедуиндердин бири пайгамбарыбыздан (с.а.в.) аласасын алыш үчүн келет. Бедуиндер абдан орой болгондуктан, бул киши пайгамбарыбызга (с.а.в.) орой сөздөрдү айтат. Сахабалар анын мындай мамилесине ачууланышып: – Кудай ургур, сен ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби? – дешет, ал киши эч камаарыбастан: – Мен акымды алыш үчүн келдим, – деп айтат. Мындан соң пайгамбарыбыз (с.а.в.) жолдошторуна:

– Силер анын тарабында болушуңар керек, анткени, бул адам акысын сурап жатат, – деп буюрат жана Хавла бинт Кайска кабар жөнөтүп, карызга курма суратат. Хавланын карызга берген курмасы менен бедуин кишиге болгон карызын төлөйт, бул аз келгенсип, ага тамак да берет. Бедуин: – Сен менин акымды эң мыкты түрдө төлөдүң. Алла Таала да сага сыйлыгын толугу менен берсин, – деп дуба кылат. Андан кийин пайгамбарыбыз (с.а.в.):

– Мына, булар (б.а. акы ээлеринин тарабында болуп, акынын берилишине көмөкчү болгондор) – адамдардын эң кайрымдуулары. Алсыз бирөөнүн адамдык укугун башка кишилерди таарынтпастан коргой албаган коом өнүкпөйт,[19] – деп буюрат».[20]

Бир жолу махзумилерден бир аял уурулук кылган болчу. Курейштиктер кадыр-барктуу уруудан болгон бул аялды жазалагысы келген жок. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Усама бин Зайдды (р.а.) абдан жакшы көрөр эле. Курейштиктер Усаманы (р.а.) арачы кылып, жанагы колу туткак аялга жаза бербөөнү сурануу үчүн жөнөтүштү. Алар пайгамбарыбыз (с.а.в.) Азирети Усаманы кыя албай, аялды кечирет деп ойлошкон болчу.

Бирок мындай болбоду. Пайгамбарлардын мырзасы ортого түшкөн Усамага көнгөн жок. Ал: «Силерден мурункулар ушул сыяктуу адилетсиздиги, тараптуулугу үчүн кыйроого дуушар болду. Булар жакырларга эң оор жазаларды беришкени менен таасирдүүлөрдү жана байларды жазалаган эмес. Аллага ант, Эгерде Мухаммеддин кызы Фатима (өз кызын айтып жатат – автор) уурулук кылган болсо да колун кесмекмин»,  – деп[21] адилеттиктин улуу үлгүсүн көрсөткөн жана тигил аялды жазалаган.

Демек, динибизде тууган-тууган эмесине, бай-кедейине, тектүү-тексизине карабай калыстык кылуу[22] буйрулат. Мисалы, бир кой уурдагандар жылдап камалса, миллиондогон сомду сологондор жазаланбай, ээн-эркин калбашы керек. Иши кылса кандай болгон күндө да адилеттүүлүктүн таразасы так болушу зарыл. Исламият адилеттүүлүктү, киши акысын жогору койгон үчүн 6 материкке жайылган. Миллиондогон инсанды ынандырып, динди өз ыктыярлары менен кабыл алышын шарттаган. Ойчулдар, изилдөөчүлөр, ал тургай батыш философтору да суктанууларын жашыра алган эмес. Мисалы, Ламартин пайгамбарыбызга (с.а.в.), ислам укугу жана адилеттигине мындай деп баа берет:

«Эгер ниеттин, идеянын улуулугу жана мүмүнчүлүктөрдүн чектүүлүгү, ошондой эле жетишилген жыйынтыктардын чексиздигин эске алганда, жаңы тарыхтын кайсы бир личностун Азирети Мухаммед менен салыштырууга ким даай алат? Башка тарых жараткандар болгону мыйзам жазышкан, армия жана империяларды башкарышкан. Негизинен өзүлөрүнүн өмүрлөрү менен чектелүү материалдык күч менен башкаруу курушкан. Бирок Аз. Мухаммед руханиятка таасир берип, укукту алдыга чыгарган жана дүйнөнүн үчтөн бирине жайылган миллиондогон адамды, империяларды, элдерди жана династияларды башкарган. Түрдүү тилдеги түрдүү улуттан турган моралдык коом курган жана мусулман коомунун өчкүс образын жалган кудайларга ишенбөө жана жалгыз кудайга байлануу чекитине негиздеген. Философ, хатиб, хавари, мыйзам чыгаруучу, согушчул, улуу пикирлердин негиздөөчүсү, сүрөт жана иконалардан оолак культтун түптөөчүсү, жыйырма дүйнөлүк, бир моралдык империянын негиздөөчүсү, ал – Азирети Мухаммед. Кайсыл маселеде болбосун, ал улуу инсандык үлгүсү, андан да улук инсан болушу мүмкүнбү?».[23]

Адилеттүүлүк бир гана сот тармагында эмес, коомдун бардык жеринде; башкаруучу кол алдындагыларга, жетекчи кызматкерлерине, сатуучу алуучуга, күрөөчү ижарачыга, мугалим окуучуга, ата-эне перзенттерине ж.б. калыстык кылууга тийиш.[24] Себеби, адилеттүүлүк улуу принцип. «Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт», «Калыс арыбайт, калпычы жарыбайт»,  – деп бекер айтылбаган чыгар.

Макалабызды адилеттүүлүгү менен даңазасы таш жарган кадимки Умарул-Адилдин (р.а.) кыяматка чейин өрнөк болчу төмөнкү икаясы менен жыйынтыктайлы.

«Бир күнү Азирети Умар (р.а.) кутпада жамаатка мындай деп кайрылды:

— Мен акыйкаттан тайсам эмне кыласыңар?!

Жамааттын арасынан бир сахаба ордунан туруп:

— Сени кылычыбыз менен түзөйбүз! – деп жооп берет. Муну уккан Азирети Умар (р.а.) алакан жайып, шүгүрчүлүк келтирди:

— Оо, Раббим! Сага чексиз шүгүрлөр болсун. Сенин акыйкатыңан тайып, калыстыктан кыйшайсам кылыч менен түзөй турган жамаатым бар…».[25]

 Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев


[1] Ибн Ханбал, V, 411

[2] Юнус сүрөсү, 54-55; Зумар сүрөсү, 69; Анбия сүрөсү, 47

[3] Нахл сүрөсү, 90

[4] Абу Дауд, Буйу (Ижаара), 83

[5] Бухари, Хиба, 13; Муслим, Хибат, 3

[6] Муслим, Хиба, 18

[7] Табарани, ал-Муъжамил-Авсат, IV, 40-41

[8] Муслим, Имаара, 43

[9] Ибн Мажа, Сыям, 48

[10] Бухари, Азан, 36. Ушул эле хадис башка рабаяттарда Аршты көлөкөсүндө деп келет. Демек, хадисти ушинтип түшүнүү туура.

[11] Ибн Ханбал, III, 23

[12] Акылман Калыгул : Ырлар, акыл-насааттар, даректүү баяндар, илимий-изилдөөлөр. Түз. С. Мусаев, А. Акматалиев. — Б.: Шам, 2000.

[13] Маида сүрөсү, 8; Абу Дауд, Кадаа (Акдия), 6

[14] Маида сүрөсү, 42

[15] Мумтахина сүрөсү, 8

[16] Насаи, Адабул-кудат, 1

[17] Абу Дауд, Дийат, 15.

[18] Бухари, Магази, 173.

[19] Ибн Мажа, Садакат, 17

[20] Ислам илмихалы (ислам дининин өкүм-жоболору), Түркия Республикaсы Дин иштери Бaшкaрмaлыгы, Анкара 2010, 561-563-бб

[21] Бухари, Анбия, 54

[22] Ниса сүрөсү, 135

[23] Michel Lelong, İslamla Yüzleşen Batı, которгон: Али Эрбаш, Стамбул – 2006; 35-б.

[24] Hadislerle İslam// Түркия Диянет Иштери Башкармалыгы, Анкара 2011,  IV т., 414-415-бб.

[25] https://www.milligazete.com.tr/makale/851420/mustafa-yildirim/seni-kilicimla-duzeltirim-diyebilmek

Булак:  muftiyat.kg

Окууну улантуу

Эпидемияга каршы сабырдуулуктун үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Дүйнө жүзүн «СoVid-19» же «коронавирус» деп аталган оорунун эпидемиясы каптады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун пандемиясын жарыялады. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин өкмөттөрү бул балекет менен күрөшүүгө аракет кылышып, превентивдик да жана профилактикалык да чаралар көрүлүүдө. Карантинге бүтүндөй шаарлар, ал эмес өлкөлөр да жабылууда. Дүйнөлүк экономика башынан оор күндөрдү өткөрүүдө. Эпидемиологдор вакцинаны иштеп чыгуунун үстүндө иштешүүдө. Биздин өкмөт дагы коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн превентивдик чараларды көрүүдө. Биз дагы өлкөнүн жарандары катары бул оору менен күрөшүүдө ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз керек. Бул жөнүндө Алла Тааланын жана Анын Элчисинин (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) насааттарын жана сунуштарын бере кетели:

1. Ишенимибизди оңдоого тийишпиз. Ислам акыйдасы боюнча оорунун өзүнөн өзү таркалууга жөндөмү жок. Оорунун таркалуусу Алла Тааланын өкүмү менен болот. Куранда айтылган (мазмуну):

Эгер Алла сага кырсык жиберсе, андан Өзү гана куткара алат. А эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Ал — бардыгына кудурети Жетүүчү (Аньам сүрөсү, 17-аят).

2. Дүрбөлөңгө түшпөй жана дүрбөлөңдү кылбоо керек. Мындай жагдайда эпидемиянын өзүнөн дагы, анын тегерегинде пайда болгон нерселер көбүрөөк зыян берүүсү мүмкүн. Ошондуктан, эпидемияга каршы сабырдуулукту жана чыдамдуулукту көрсөтүшүбүз керек. Куранда айтылган:

Сабырдуу болгула. Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге [Анфал сүрөсү, 46-аят].

Хадисте айтылат:

Ыймандуунун иши таң калууга татыктуу. Акыйкатта, ага келген нерселердин бардыгында жакшылык бар. Жана бул ыймандууга гана берилген. Эгерде ага кубаныч жетсе, ал бул үчүн (Аллага) шүгүр кылат жана мунусу үчүн да ага жакшылык бар. А эгерде ага кырсык жетсе, ал ага (чырайлуу) сабыр кылат жана мунусунда да ага жакшылык бар [Муслим].

3. Алла Таала бул дүйнөдө Өзүнүн кулдарын ар кандай нерселер менен сынайт: кээде оору, кээде чыгаша, кээде жакындарын алуу менен. Куранда айтылган:

Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө” [Бакара, 155-аят].

4. Коронавирустун жайылуусун токтотуу боюнча сактык чараларын көрүү. Адамдар топтолгон жерге баруудан кармануу. Бет капты жана башка коргонуу чараларын колдонуу.

  • Айшадан (Алла андан ыраазы болсун) риваят Алла Таала андан ыраазы болсун: Ал, Пайгамбарыбыздан (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) кара-тумо (чума) жөнүндө сураганымда. Пайгамбар (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) мага: “Ал азап. Алла Таала аны кимге кааласа жөнөтөт. Аны момундар үчүн мээрим кылды. Кайсы адам кара-тумо болгон жерде Алла Таала жазган нерсе гана болот деп сабыр кылып, сооп үмүт этип, үйүндө отурса ага шейиттикиндей сооп жазылат” – деп айткан.
  • Бир хадисте Умарга (Алла андан ыраазы болсун) бир жамаатты Шамга жибергенден кийин ага ал жакта кара тумо (чума) оорусу жайылып жаткандыгы жөнүндө кабар келет. Муну уккан соң ал аларды артка кайтууга буйрук берет. Абу Зарр (Алла андан ыраазы болсун) ага келди да: “Биз эмне Алланын тагдырынан качабызбы?” – деп айтты, Умар (Алла Таала андан ыраазы болсун) ага: “Ооба, биз бир тагдырдан экинчи тагдырга качып жатабыз”- деп жооп берди.

5. Мечиттерди, медреселерди, намазканаларды жана башка турак үйлөрдү дезинфекциядан өткөрүү. Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылган:

Тазалык – ыймандын жарымы.

Куранда айтылган:

Алла аларды сен алар менен болгон кезде жана алар кечирим сурап жаткан кезде жазалабайт (Анфал сүрөсү, 33-аят).

6. Дуба жана зикр кылуу. Алладан оорулардан сактоосун суроо. Алла Таалага тобокел кылып жана Анын мээримин жана жардамын суроо менен бирге эле, коронавирус оорусунан сактануунун чарасын көрүп жана мамлекетке бул оору менен күрөшүүдө ага жардам берүү. Ушулар менен кошо маснун дубаларга маани берүү керек:

Оруган адамды көргөндө ушул дубаны окуу керек:
«الحمد لله الذي عافاني مما ابتلاك به و فضلني على كثير ممن خلق تفضيلا»
[Транскрипция:] АльхамдулиЛляхиль лязи ‘афани мимма-бталяка бихи уа фаддоляни ‘аля касирин мимман халяка тафдылян.

Күнүгө ушул дубаларды окуу керек:
«اللهم عافيني في بدني اللهم عافني في سمعي اللهم عافيني في بصري لا اله إلا أنت»
[Транскрипция:] Аллахумма, ‘афи-ни фи бадани, Аллахумма, ‘афи-ни фи сам’и, Аллахум-ма, ‘афи-ни фи басари, ля иляха илля Анта!

«بسم الله الذي لا يضر مع اسمه شيء في الأرض ولا في السماء وهو السميع العليم»
[Транскрипция:] БисмиЛляхи ллязи ля ядурру ма’асмихи шайун филь арды ва ля фи ссамаи ва хува Ссами’уль ‘Алим.

  • Бул оору Алладан келген сыноо ошон үчүн бул турасында шылдындаган жана маскаралаган ар кандай видеороликтерди тартпоо керек.
  • Ушундай кырдалга караштуу көп адамдар жумушсуз калды жана алар ошол маянасына эле жашашчу. Ушундай кырдаалда колунда жок адамдар жана пенсионерлер кыйынчылыка учурап калышты. Ошон үчүн мындай адамдарга мүмкүнчүккө жараша жардам берүү керек.
Автор: Татиков Рафаил
Булак:  darulifta.kg 

Окууну улантуу

TREND │ТРЕНД