Биз менен байланышыңыз

Жаңылыктар

КУРМАН АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху! Урматтуу мусулман бир туугандар, жалпыңыздарды бүгүнкү ыйык КУРМАН АЙТ майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Раббибиз кылынган курмандыктарды, жакшы дуба тилектерибизди кабыл кылып, жалпы мусулмандарга тынчтык-амандык, берекелүү өмүр берсин иншаАллх!

Окууну улантуу
Комментарий берүү үчүн чыкылдатыңыз

Жооп калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Түрк Маданияты

БИР СЕРГИП КЕТИҢИЗ! ТҮРКИЯ ДЕҢИЗ ЖЭЭКТЕРИНЕ ЧАКЫРАТ

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Калкыган көк мейкиндикке термиле карап, жээк бойлой жай баракат басып, толкундардын шыбыртынан рахат алып, аптаптуу күндөрдү салкын, тынч жерлерде өткөрүүнү эңсеп турасызбы? Анда Түркиянын Эгей жана Жер Ортолук деңиздерине барыңыз. Бул локацияда Түркэгей жана Түрк Ривьерасын камтыган кооз булуңдарды көрө аласыз. Деңизде калкып, ары-бери турист ташыган кемелерге түшөсүз.  Эл толгон портторду көрөсүз. Түрк ашканасынын түрдүү тамактарынан даам сызып, курсакты капмайта тойдуруп, көңүлдүү эс алып кетесиз. Кызык бекен? Анда эмесе сизди чер жазууга чакырган кооз жерлердин маршруттары тааныштыралы. Көңүл буруп окуңуз да, чөнтөк дептериңизге сактап алыңыз.

ТАРЫХТЫ ӨЗҮҢӨ КАТКАН ТҮРКЭГЕЙ

Чалкыган көк деңиз бойлой жүргөн биринчи маршрутубуз – бул Түркэгей. Бодрум Түркиянын деңиз жээктей жайгашкан эң белгилүү саякат аялдамаларынын бири болуп саналат. Бодрумда Гүмүшлүк, Битез, Ялыкавак, Аспат, Женнет жана Иассос сыяктуу дүйнөгө белгилүү булуңдар бар. Булуңдарды кайык менен кыдырып чыккан соң, 15-кылымдагы Бодрум сепили жана Бодрумдун суу астындагы археологиялык музейин да көрүп чыксаңыз болот. Бодрумда чалкыган кооз деңиз менен кошо бүтүндөй бир тарых жатат. Ошондой эле түрк жана эл аралык ашканалардын гастрономиялык борбору катары да дүйнөгө белгилүү.

ЖЕР БЕЙИШИ ДЕЛГЕН ДАТЧА

Эгейден Жер Ортолук деңизине жетелеген кезектеги маршрутубуз бизди Гөкова, Датча жана Мармарис портторуна алып барат. Гөкова булуңу деңизди сүйгөн саякатчылардын эң популярдуу жери болуп саналат. Орак аралы, Седир аралы, Күфре булуңу, Лёнгөз булуңу, Чанак булуңу/ Британия (англис) порту, Дегирмен Бүкү, Йеди (Жети) аралдары, Ласиверт булуңу жана Тавшан аралдары дал ушул Гөкова булуңунда жайгашкан.

Ал эми Датча жарым аралынын жээгинде болсо Курубүк, Паламутбүкү, Хайытбүкү, Кызылбүк, Баллыца Бүкү, Бойнузчук жана Армоника сыяктуу ири, кичи айыл-кыштактар бар. Бул локацияда кооз жаратылышы менен кишини суктандырган Байыркы Книдос шаары жайгашкан. Маршрут менен жүрүп отуруп Мармариске келсеңиз Адакөй, Теке (Кечи) аралы, Гүверчин аралы, Женнет аралы, Серче булуңу, Бозуккале жана Бозбурун булуңдарын көрө аласыз. Мармарис маршруту менен деңизден кургактыкка да чыгып, ар кандай тарыхый жана маданий мурастарды, анын ичинен Мармарис сепили менен Фискос жана Амос байыркы шаарларын зыярат кыла аласыз.

ДЕҢИЗ БЕЙИШИ БОЛГОН ГЁЧЕК АРАЛЫ

Ривьерасына жакындаганда, сизди деңиз бейиши болгон Гёчек лоакциясы тосуп алат. Гёчекке келгенде эле алгач камыштуу Далян дарыясы жана байыркы Каунос шаарын көрөсүз. Сиз саякаттап отуруп, Осман Ага булуңу, Бойнуз Бүкү булуңу, Сарсала булуңу, Домуз аралы жана Бедри Рахми булуңун зыярат кылгандан кийин Гёчектен кеткиңиз деле келбей калат. Клеопатра мончосу деп аталган жерде болсо миң жылдык тарыхый урандылар жатат. Жер үстүнөн жүрөсүзбү же суу астынан сүзөсүзбү бул локацияда кандайдыр бир сыр катылып жаткандай сезиле берет.

Ал эми Эгей жана Жер Ортолук деңиз жээктери кошулган Фетхие калаасы дүйнөлүк деңгээлдеги мариналар менен көк сапарлардын популярдуу аялдамасы болуп саналат. Фетхиенин тунук сууларына чумкугандан кийин, абасы таза, табияты кооз кичинекей коктуларда түнөй аласыз. Фетхиеден чыгып Өлүк деңизге барсаңыз да болот. Андан ары Түркиянын парапландары менен белгилүү аймактары Кумбурну булуңуна барып, Гемилер аралы, Кабак булуңу, Кыдрак булуңу, Шөвалие (Рыцарь) аралы, Саманлык, Калемья, Акварюм (Аквариум) жана албетте Көпөлөк өрөөнү сыяктуу кооз булуңдарын зыярат кылып кетиңиз.

КИШИНИ КЫЗЫКТЫРГАН КАШТАН ЖАНА КЕКОВА АРАЛДАРЫ

Түркиянын эң популярдуу эс алуу жайларынын дагы бири – бул Каш.  Каш дүйнөдөгү эң кооз пляждардын катарына кирген атактуу Капуташ пляжынын да мекени болуп саналат. Калкан менен Кекова да Каштан кем калбаган кызыктуу локация. Айрыкча тарыхый урандылар жаткан Кекова аралы өмүрдө бир жолу болсо да көрүп кететурган жер. Каштан сүзүп баратканда биринчи өтө турган булуң – бул Лиманагзы булуңу. Ал эми Гүверчин, Додекан аралдары, Уфак Дере, Инөнү, Аперлай, Йаглыжа, Терсане, Аквариум , Үчөгүз, Калекөй жана Каралос булуңдары да чер жазууга эң ыңгайлуу жерлердин катарына кирет. Бул турда сизди  таң калтыратурган дагы бир локация  Гөккая булуңундагы Пират (Корсан) үңкүрү. Пират үңкүрүнө кайык менен гана жетүүгө болот.

Окууну улантуу

Саясат

Эрдоган: «Биздин Кеңешке эл аралык уюм деп атоонун убагы келди»

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Президент Эрдоган Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын армян баскынчылыгынан бошотулган Шуша шаарына барууну пландап жатканын жарыялады.

Президент Эрдоган Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитине Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган, ушул жерде сүйлөгөн сөзүндө, «Дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр Түрк Кеңеши сыяктуу кызматташуу түзүмдөрүнүн маанилүүлүгүн арттырат. Институтташтырууну 12 жылдын ичинде аяктаган Түрк Кеңешинин эл аралык кадыр-баркы дагы жогору. Менимче, биздин Кеңешке эл аралык уюм деп атоонун убагы келди»,-деди.

«Сүйүктүү бир тууганым (Азербайжандын Президенти) Илхам Алиев аркылуу бүтүндөй азербайжандык боордошторумду Тоолуу Карабахта жетишкен жеңиши үчүн дагы бир жолу куттуктайм»,-деп айткан Эрдоган мындай деди: «Карабахта түрк структураларын сактап калуу жана жандандыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Азербайжандын жанында турганыбыз маанилүү. Биздин каалообуз эң кыска убакта, Рамазан майрамынан (13-15-май) дароо кийин Шушага сапар жасоо менен Шушада жаңы майрамдык маанай жараталы».

Кипр маселесине токтолгон Эрдоган: «Күчтөрдү бириктирүү менен Кипр түрктөрүн алар татыктуу болгон позицияга жеткиребиз деп ишенем»,-деп айтты.

Эрдоган, Түрк Кеңешинин 8-кезектеги саммитин жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы шарт түзүп берсе, 2021-жылы 12-ноябрында Стамбулда уюштурабыз деп үмүттөнөрүн жарыялады.

Булак: www.trt.net

Окууну улантуу

Жаңылыктар

Индияда Ковид-19дун кош мутанттуу варианты табылды

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Махараштрадагы үлгүлөрдүн 206сында Ковид-19дун кош мутанттуу варианты аныкталгандыгы белгиленди.

Индиянын батыш аймактарында коронавирустун (Ковид-19) “Кош мутант” (Double mutant) варианты табылганы маалым болду.

US Newsтун, Индиянын Ооруларды көзөмөлдөө боюнча Улуттук борборунун директору Сужит Кумар Сингхтин билдирүүсүнө таянып берген кабарында, Ковидден эң көп жабыркаган аймактардын бири болгон Махараштранын батышындагы үлгүлөрдүн 206сында Ковид-19дун кош мутанттуу варианты аныкталгандыгы белгиленди.

Кабарда жаңы варианттын баш калаа Нью-Делидеги 9 үлгүдө дагы табылгандыгы айтылды.

Окууну улантуу

TREND │ТРЕНД