Биз менен байланышыңыз

Коом

Ыйык Рамазан айы Куттуу болсун!!!

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Ассаламу алейкум урматтуу мусулман бир туугандар, жалпыңыздарды кирип келген Рамазан айы менен куттуктайбыз!!!
Аллахым баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө тынчтык, аманчылык, кут-берекесин берсин иншаАллах!!!
Туткан Орозоңуздар кабыл болсун🤲 

Окууну улантуу
Комментарий берүү үчүн чыкылдатыңыз

Жооп калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Түрк Маданияты

ДҮЙНӨЛҮК ИШ-ЧАРА. ТҮРКИЯ ТҮРК АШКАНАСЫНЫН ЖУМАЛЫГЫН ӨТКӨРӨТ

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Кийинки аптада, тактап айтканда 21- майда дүйнө боюнча Түрк ашканасынын жумалыгы башталат. Аталган кулинардык иш-чара түрдүү, ондогон цивилизациялардын изин чагылдырган, берекелүү география жана бай тарыхка ээ түрк гастрономиясынын глобалдык майрамы болот. Быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жаткан Түрк ашканасынын жумалыгында  ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагы тарабынан «Дүйнөнүн 26-гастрономиялык шаары» деп таанылган Хатайдын аймактык ашканасына басым жасалат. Ошондой эле түрк тамак-аш маданиятында калдыксыз өндүрүш практикасын жайылтууга өзгөчө маани берилет. Тамак-аш апталыгы 27-майга чейин уланат.

Түрк ашканасы жумалыгын Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги координациялап жатат. Ашкана апталыгында Түркияда иш алып барган түрдүү өлкөлөрдүн дипломаттарына Хатай ашканасынын өзгөчөлүктөрү таанытуу иш-чаралары уюштурулат.

ТҮРК АШКАНАСЫНЫН ТУРУКТУУ, КАЛДЫКСЫЗ БАЙЫРКЫ САЛТТАРЫ

Түрк ашканасы жумалыгынын катышуучулары жергиликтүү ингредиенттерди жана салттуу тамак жасоо ыкмаларын колдонуу менен Хатайдын жергиликтүү тамактарын даярдап, байыркы жана туруктуу түрк ашканасы менен кеңири таанышышат. Ошол эле учурда алар түрк ашканасынын бай биологиялык ар түрдүүлүгү жана анын ар кандай жеп-ичүү тенденцияларына жооп берүүгө даярдыгы, потенциалы жөнүндө маалымат алышат. Ошондой эле жумалыкка келгендер түрк ашканасынын туруктуу жана калдыксыз мамилеге негизделген тамак жасоо методологиясын практикалык түрдө жасап көрүп, тажрыйба алышат. Иш-чаранын жүрүшүндө түрк кофеси, түрк чайы жана түрк локумдары сунушталып, катышуучулар түрк ашканасынын көптөгөн түрлөрүнүн даамын тата алышат.

ХАТАЙ ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР ТАБЛИЦАСЫ

Дүйнө боюнча өткөрүлө турган Түрк ашканасы жумалыгында Хатай ашканасынын даамдарына арналган өзгөчө меню көрсөтүлөт. Гастрономия тармагында ЮНЕСКОнун Чыгармачыл шаарлар тармагынын бир бөлүгү болгон Хатай, өзгөчө ашканасы менен көпчүлүктүн көңүл бурган түрк шаарларынын бири. Хатай ашканасы жогорку сапаттагы зайтун майы жана дан эгиндери, буурчак өсүмдүктөрү, жашылчалары, мөмөлөрү, жергиликтүү чөптөрү жана Жер Ортолук деңизинин климаты үстөмдүк кылган түшүмдүү топурактарда өстүрүлгөн жыпар жыттуу заттары менен өзгөчөлөнүп турат.

Тарыхта көптөгөн түрдүү цивилизациялардын изи калган шаардын кулинардык мурасы өзгөчө таңкы тамагы жана түрдүү менюлары менен кишинин көңүлүн бурат. Түрк ашканасы жумалыгынын алкагында даярдала турган Хатай менюсуна «биберли экмек» (кызыл калемпир пастасы кошулган нан), «зайтун салаты», «хумус», «кысыр», «тепси кебап» сыяктуу тамактар да киргизилет.

 

Окууну улантуу

ТҮРК ДАСТОРКОНУН БАЙЫТКАН ДАРЫ ЧӨПТӨР

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Түркиянын эң берекелүү жери болгон Туркегей туристтерди бейпил пейзажы, атмосферасы, даамдуу зайтун майы, шарап жасоо боюнча бай тажрыйбасы, таза чөп, жашылчалар менен белгилүү ашканасы жана кулинардык маданияты тосуп алат. Бул ашкананын эң популярдуу даамдары Түркэгейдин түшүмдүү жерлеринде өскөн жашылча-жемиш, минералдарга бай ар түрдүү чөптөрдөн жасалып, өзгөчө рецепттер менен дасторконго берилет.

Түрк ашканасында эң көп колдонулуп келе жаткан жашылча, чөптөр бир даамдуулугу менен гана эмес, витамин, түрдүү минералдарга бай дарылык касиети менен да белгилүү. Мына ушундай өзгөчөлүктөр, ар кандай минералдарга бай бул берекелүү топурак, ырыскылуу өлкө дүйнө боюнча дары чөптөр фестивалын өткөрүшү мүмкүн. Ар кандай витаминдерге бай, организмге пайдалуу тамак аштардан курсак тоё жеп, ырахаттанып, ден-соолугуңузду чыңдагыңыз келеби!? Анда Түрк-Эгейдин дасторконун байыткан дары чөптөр тууралуу маалыматты окуп, башкалар менен да бөлүшүп коюңуз.

ТАБИЯТТАН ДАСТОРКОНУБУЗГА КЕЛГЕН ДАРЫ ЧӨПТӨР

Жашыл кымыздык, гибиес чөбү, бактылуу тилен, самфир, феннель, ашкабак гүлү, каакым, чалкан жана маллоу сыяктуу мындай дары чөптөр негизинен Эгей деңизинин жээктеринде өсүп, бул аймакта өтө популярдуу болуп саналат.

ЖАШЫЛ КЫМЫЗДЫК

Жашыл кымыздык козунун кулагына окшош болгондуктан, түрк тилинде «козу кулагы» деп аталат. Кычкыл даамы бар бул дары чөп көбүнчө салаттарга, шорполорго жана кондитердик азыктарга колдонулат. Зайтун майы менен да даярдаса болот. А жана С витаминдерине, ошондой эле кальцийге, калийге, магнийге, фосфорго да бай.  Жашыл кымыздык денени чыңдоо менен көптөгөн ооруларды да айыктыраары айтылып жүрөт.

ГИБИЕС

Гибиес (Cibes otu) – бул капуста менен түстүү капусталарды кесип, чогулткандан кийин топуракта калган тамырдан өскөн аймактагы эң популярдуу чөптөрдүн бири болуп саналат. Көбүнчө бышырылган жана зайтун майы жана лимон менен колдонулган гибиес чөбү балык дасторконунда сөзсүз болушу керек. Гибиесте организмге эң керектүү С витамини бар. Бул тамак сиңирүү системасынын бир калыпта иштөөсүнө жардам берет.

ШЕВКЕТ-И БОСТАН

Шевкет-и Бостан витаминдерге жана минералдарга бай тикенек жалбырактуу өсүмдүк. Зайтун майына куурулган бул чөпкө салттуу түрдө койдун эти жана өзгөчө татымал кошулат. Чөптүн аты арабча «тикен» дегенди билдирген «шевкет» деген сөздөн келип чыккан. Чөптүн аталышы түрк тилинен которгондо “бактын тикенеги” дегенди түшүндүрөт.

САМФИР

Эгей деңизинде көп өскөн самфир (Deniz Börülcesi) ооздо туздуу жана кычкыл даам калтырат. Деңиз суусунда өстүрүлгөндүктөн самфир деп аталып калган. Самфир дасторконго салат катары тартылат. Чөптү ысык сууга кайнаткандан кийин дароо муздак сууга салып, жакшы бышырылган жана таза бойдон сакташат. Самфир, адатта, зайтун майы, сарымсак жана лимон менен берилет.

ФЕННЕЛЬ

Феннель чөбү катуу, анис сымал жыты бар. Римдиктер көп колдонгон феннел аралаш чөп куурулган козу карындын маанилүү компоненти болуп саналат. Феннелди, адатта, лимон жана зайтун майы менен салат катары жешет. Бирок жумуртка менен бышырылгандары да болот. Жөтөлдү басуучу өзгөчөлүгү менен таанылган феннель жалбырагын кургатып, чай катары демдеп ичсе да болот.

Ашкабак гүлү (Kabak Çiçeği Dolması) Түркэгейдин өзгөчө тамактарынын бири. Ашпоздор ашкабак гүлдөрүн таң атпай, күндүн ысыгына соолутпай жыйнап алышат. Алар толтурулганга чейин тазаланып, столдорго коюлат. Апельсин-сары ашкабак гүлдөрү А, С жана В витаминдерине бай келет.

КААКЫМ

Ракы жана балык дасторкондору үчүн эң керектүү болгон каакым (Радика) татаал гүлдөр тукумуна кирет. Каакымдын курамында А жана С витаминдери, темир, кальций жана калий бар. Бул гүлдү илгертен эле табыптар панацея катары колдонушкан. Каакым жалбырактарын кайнатып, лимон жана зайтун майы менен даярдашат. Каакымды кайнатып, йогурт менен аралаштырса да болот. Каакымдын жалбырактарын кургатып, чөп чай жасоо үчүн колдонсо болот.

ЧАЛКАН

Чалкан (Ысырган оту) көптөгөн дарылык касиеттери менен Эгейде эң көп керектелген чөптөрдүн бири. Бул чөп түрк тилинде “чалкан” деп аталат. Анткени ал териге тийсе кычыштырат. Рим аскерлери чалкандын жалбырактарын денелерине сүйкөп, суук аба ырайынан азыраак жабыркаганы да белгилүү. Чалкан көбүнчө кондитердик азыктарга жана шорполорго колдонулат.

Maллов (Ebegümeci) Эгей аймагында өсүүчү чөп. Байыркы грек жана рим доорлорунан бери колдонулуп келген. Бул пайдалуу өсүмдүктү кууруп жешет. С витамини жана антиоксиданттарга бай маллоу да чай катары сасык тумоого каршы колдонулат.

 

Окууну улантуу

Ислам

Исламда адилеттүүлүк

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Ддд

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Хак (акыйкат) диндердин максаты – адамдар арасында тең укуктуулукту, боордоштукту, адилеттүүлүктү орнотуу жана адамзатты чыныгы бак-таалайга жеткирүү. Буга чейинки өзгөрүүгө дуушар болгон акыйкат диндерди оңдоп-түзөгөн ислам дини адамзат үчүн эң зарыл эсептелген принциптерди койгон. Адилеттүүлүк принциби мына ушулардын бири.

Ислам пайгамбары Азирети Мухаммед (с.а.в.) өмүр бою кара кылды как жарган калыстыгынан тайган эмес. Ал өмүрүнүн соңку учурларында мындай деген: «Эй инсандар! Ушуну жакшы билгиле, кудайыңар бир, атаңар бир. Арабдын араб эместен, араб эместин арабдан, ак терилүүнүн карага, кара терилүүнүн акка үстөмдүгү жок».[1] Демек, адам баласы тегине, расасына, улутуна, уруусуна, үй-бүлөсүнө, социалдык абалына, тилине ж.б. карабай бирдей. Жараткан Алла өзү аль-Аадил болгондуктан,[2] пенделерине да адилеттүү болууну буюрган.

اِنَّ اللّٰهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْاِحْسَانِ وَايتَٓائِ ذِي الْقُرْبٰى وَيَنْهٰى عَنِ الْفَحْشَٓاءِ وَالْمُنْكَرِ وَالْبَغْيِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ﴿٩٠﴾

«Чындыгында Алла адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан жана чектен ашуудан тыят. Алла силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөрсүңөр».[3]

Коомдун бардык бөлүгүндө адилеттүүлүк болсо, тең салмактуулук, тынчтык, бейпилдик өкүм сүрөт. Адилеттик биринчи кезекте үй-бүлөдө сакталууга тийиш. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегендей, үй-бүлөдө адилеттүүлүк көргөн жана тарбия алган личность коомдук жашоого аралашканда калыстыктан тайбай жашаганга аракет кылат. Үй-бүлөдөгү адилеттүүлүк боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в.) төмөнкүдөй буйруган:

اعْدِلُوا بَيْنَ أَوْلَادِكُمُ اعْدِلُوا بَيْنَ أَبْنَائِكُمْ

«Балдарыңарга адилеттүү мамиле жасагыла, балдарыңарга адилеттүү мамиле жасагыла».[4]

О. э. «Алладан корккула жана балдарыңардын арасында адилеттүү болгула», – деп буюрган.[5] Башка хадис-и шарифинде, «Балдарыңар арасында теңдикти сактагыла», – деп насаат кылган.[6] Үйдө адилеттик жана калыстыкты сезип, түшүнүп жана аңдап эрезеге жеткен бала келечекте башкаруучу болобу же карапайым жумушчу болобу, калыстык менен иш алып барат. Эгерде ата-энелер кайсы бир баласына артыкчылык берип, ашыкча сүйүп, бирок башкасына жаман мамиле жасаган болсо, анда аят жана хадиске каршы иш кылган болуп калышы толук мүмкүн. Үйүндө адилеттүү мамиле көрбөй чоңойгон бала ата-энеге жана тууган-урукка кайрымсыз, коомго зыяндуу индивид катары аралашуу коркунучу бар…

Адилеттүүлүк башкаруучулар, жетекчилер жана соттор үчүн өтө зарыл маселе болуп саналат. Бул айтылгандар адилеттикти сактабаса, анда коомдо тең салмактуулук жоголот; түшүнбөстүктөр, нааразычылыктар жана конфликттер жүз берет. Ошондуктан эл тагдырын чечкен жакшылар  Расулалланын, «Эгер кайсыл маселеде өкүм берсеңер да адилеттүү болгула», – деген[7] насаатын туу тутунушу керек. Ата-бабаларыбыздын «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген улуу сөзү да жөн жеринен айтылбаган. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.), «Мамлекеттик башкаруу эң негизги коргоочу. Туура эместиктер менен ал аркылуу (же болбосо укук жолу менен) күрөшүлөт жана ал аркылуу (коркунучтардан) корголот. Башкарууну колго алгандар эгер Алладан коркууга чакырса жана адилеттүүлүк менен башкарса, соопко ээ болот. Эгерде мунун тескерисин жасаса, анда убалын тартышат», – деген.[8] Демек, мусулман башкаруучу кол алдындагыларды адилет башкарышы шарт. Ошондой эле Азирети пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деп буюрган: “Үч кишинин дубасы кайтарылбайт, кабыл болот:

1) Орозо кармаган кишинин иптар мезгилиндеги дубасы.

2) Адилеттүү өкүмдардын дубасы.

3) Зулумдук көргөн кишинин дубасы.[9]

Демек дубасы түз кабыл болгон үч кишинин бирөөсү адилеттүү жетекчи. Адилеттүүлүк менен башкарган өкүмдар эки дүйнөдө тең уткурбайт. Бул дүйнөдө мамлекетке тынчтык жана бейпилдик орнотсо, акыретте чоң даражаларга көтөрүлөрү чындык.

سَبْعةٌ يُظِلّهُم اللهُ فى ظِلِّه يوم لا ظِلَّ إلا ظِلّهُ: الإمام العادلُ…

Алланын көлөкөсүнөн (коргоосунан) башка көлөкө (коргоо) жок күнү Өз көлөкөсүнө  (коргоосуна) ала турган жети адам бар: Адилеттүү башкаруучу…[10]

Алланын коргоосунда (көлөкөсүндө) болуучу жети түрдүү адамдын ичинен адилеттүү башкаруучу биринчи болуп айтылган. Бул эмне деген улуу даража?! Ал эми адилетсиз башкаруучулардын өтө оор азапка дуушар болору тууралуу да рабаяттар бар.[11] Айтылуу Калыгул олуя:

«…Эл жакалай конбосо

Бетегелүү бел карып,

Улугу калыс болбосо

Убара болот, эл карып».[12]

-деп башкаруучу адилеттүү болбосо, калк гана зыян тартарын таамай айткан.

Адилеттүүлүк эң көп талап кылынган институт шексиз түрдө сот болуп саналат. Бул жерде адилеттүүлүк менен өкүм чыкпаса, жеке кызыкчылыктар алдыга чыкса, коом ичинде араздашуу жана бытырандылык көп катталышы мүмкүн. Динибиз адам тагдырын чечкен сотторго чоң жоопкерчилик жүктөгөн.[13]

وَاِنْ حَكَمْتَ فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِالْقِسْطِ اِنَّ اللّٰهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطينَ ﴿٤٢﴾

Эгер өкүм чыгарсаң калыстык менен өкүм бер. Алла адилет болгондорду сүйөт”.[14]

Ыйык Куран-и Каримдин дагы бир аятында Алла Тааланын адилеттүүлөрдү сүйөрү белгиленген.[15] Ал эми, хадис-и шарифтердин биринде мындай деп айтылган:

إِنَّ الْمُقْسِطِينَ عِنْدَ اللَّهِ تعالى عَلَى مَنَابِرَ مِنْ نُورٍ عَنْ يَمِينِ الرَّحْمَنِ، الَّذِينَ يَعْدِلُونَ فِي حُكْمِهِمْ وَأَهْلِيهِمْ وَمَا وَلُوا

«Кол алдындагыларга, үй-бүлөлөрүнө жана жоопкерчилигиндеги адамдарга адилеттүүлүк кылгандар Алланын астында, Рахман атайын Өзү даярдаган нурдан болгон минбарлардын үстүндө мейман болушат».[16]

Адамзатка улуу өрнөктүүлүктү көрсөтүп кеткен пайгамбарыбыздын (с.а.в.) адилеттүүлүгү өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Бул жөнүндө сөз болгондо төмөнкүлөрдү эстебей коюуга болбос:

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) абдан адилеттүү жана ынсаптуу киши эле. Анын адилеттүүлүгүн душмандары да моюндашар эле. Өтө кыйын жана татаал маселелерде уруулар анын калыстыгына кайрылышып, чечимин урмат менен кабыл алышкан. Бир жолу пайгамбарыбыз (с.а.в.) согушта колго түшкөн олжолорду таратып жаткан эле. Эл ушунчалык көп топтолот. Ал тургай бир киши түртүшүп отуруп, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) үстүнө минип калат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) колундагы ичке таягын өйдө көтөргөндө таяктын учу жанагы кишинин бетине тийип, тытып кетет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дароо таягын ал кишинин колуна карматып: – Мен сени чапкандай кылып, сен да мени чап, – дейт, бирок ал киши:

– Оо, Алла Тааланын расулу, жок, мен сизге таарынган жокмун,[17] – деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) адамдардын жакындыгына же башка өзгөчөлүктөрүнө карап бөлүнүп-жарылуучулук кылбастан, бардыгына бирдей мамиле жасаган. Анын көз-карашы боюнча бай-кедей, улуу-кичүү дебестен бардыгы бирдей эле.

Бадр согушунда колго түшкөн туткундардын арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) али мусулман боло элек аталаш агасы Аббас (р.а.) да бар эле. Туткундар айып акча төлөп, кутулуп кетип жатышкан. Анткени ушундай чечим кылынган болчу. Ансарлардын (жергиликтүү калктын) айрымдары пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен Аббастын (р.а.) туугандыгын билишкен соң ага кечирим көрсөтүлүшүн суранышат. Ошондо адамзаттын мырзасы (с.а.в.): “Жок, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес. Ал төлөй турган айыбын толугу менен төлөсүн, бир да тыйыны кем болбосун,” – деген.[18] Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өмүр бою эч кимге өзгөчөлүк менен мамиле кылбай, эрежелерди жана мыйзамдарды бардык кишилер үчүн бирдей колдонгон. Ошондой эле жолдошторунун арасында да өзүнө өзгөчө мамиле көрсөтүлүшүн жактырган эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) пайгамбар боло электен мурун аны менен соода-сатык кылгандар анын чынчылдыгын жана чындык үчүн жүргүзгөн иш-аракетин абдан жогору баалашкан. Ал тургай анын пайгамбар катары жиберилгенин угушкандан кийин душман болгондор да аманаттарын тапшыруудан кайра тартптаган. Бир күнү бедуиндердин бири пайгамбарыбыздан (с.а.в.) аласасын алыш үчүн келет. Бедуиндер абдан орой болгондуктан, бул киши пайгамбарыбызга (с.а.в.) орой сөздөрдү айтат. Сахабалар анын мындай мамилесине ачууланышып: – Кудай ургур, сен ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби? – дешет, ал киши эч камаарыбастан: – Мен акымды алыш үчүн келдим, – деп айтат. Мындан соң пайгамбарыбыз (с.а.в.) жолдошторуна:

– Силер анын тарабында болушуңар керек, анткени, бул адам акысын сурап жатат, – деп буюрат жана Хавла бинт Кайска кабар жөнөтүп, карызга курма суратат. Хавланын карызга берген курмасы менен бедуин кишиге болгон карызын төлөйт, бул аз келгенсип, ага тамак да берет. Бедуин: – Сен менин акымды эң мыкты түрдө төлөдүң. Алла Таала да сага сыйлыгын толугу менен берсин, – деп дуба кылат. Андан кийин пайгамбарыбыз (с.а.в.):

– Мына, булар (б.а. акы ээлеринин тарабында болуп, акынын берилишине көмөкчү болгондор) – адамдардын эң кайрымдуулары. Алсыз бирөөнүн адамдык укугун башка кишилерди таарынтпастан коргой албаган коом өнүкпөйт,[19] – деп буюрат».[20]

Бир жолу махзумилерден бир аял уурулук кылган болчу. Курейштиктер кадыр-барктуу уруудан болгон бул аялды жазалагысы келген жок. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Усама бин Зайдды (р.а.) абдан жакшы көрөр эле. Курейштиктер Усаманы (р.а.) арачы кылып, жанагы колу туткак аялга жаза бербөөнү сурануу үчүн жөнөтүштү. Алар пайгамбарыбыз (с.а.в.) Азирети Усаманы кыя албай, аялды кечирет деп ойлошкон болчу.

Бирок мындай болбоду. Пайгамбарлардын мырзасы ортого түшкөн Усамага көнгөн жок. Ал: «Силерден мурункулар ушул сыяктуу адилетсиздиги, тараптуулугу үчүн кыйроого дуушар болду. Булар жакырларга эң оор жазаларды беришкени менен таасирдүүлөрдү жана байларды жазалаган эмес. Аллага ант, Эгерде Мухаммеддин кызы Фатима (өз кызын айтып жатат – автор) уурулук кылган болсо да колун кесмекмин»,  – деп[21] адилеттиктин улуу үлгүсүн көрсөткөн жана тигил аялды жазалаган.

Демек, динибизде тууган-тууган эмесине, бай-кедейине, тектүү-тексизине карабай калыстык кылуу[22] буйрулат. Мисалы, бир кой уурдагандар жылдап камалса, миллиондогон сомду сологондор жазаланбай, ээн-эркин калбашы керек. Иши кылса кандай болгон күндө да адилеттүүлүктүн таразасы так болушу зарыл. Исламият адилеттүүлүктү, киши акысын жогору койгон үчүн 6 материкке жайылган. Миллиондогон инсанды ынандырып, динди өз ыктыярлары менен кабыл алышын шарттаган. Ойчулдар, изилдөөчүлөр, ал тургай батыш философтору да суктанууларын жашыра алган эмес. Мисалы, Ламартин пайгамбарыбызга (с.а.в.), ислам укугу жана адилеттигине мындай деп баа берет:

«Эгер ниеттин, идеянын улуулугу жана мүмүнчүлүктөрдүн чектүүлүгү, ошондой эле жетишилген жыйынтыктардын чексиздигин эске алганда, жаңы тарыхтын кайсы бир личностун Азирети Мухаммед менен салыштырууга ким даай алат? Башка тарых жараткандар болгону мыйзам жазышкан, армия жана империяларды башкарышкан. Негизинен өзүлөрүнүн өмүрлөрү менен чектелүү материалдык күч менен башкаруу курушкан. Бирок Аз. Мухаммед руханиятка таасир берип, укукту алдыга чыгарган жана дүйнөнүн үчтөн бирине жайылган миллиондогон адамды, империяларды, элдерди жана династияларды башкарган. Түрдүү тилдеги түрдүү улуттан турган моралдык коом курган жана мусулман коомунун өчкүс образын жалган кудайларга ишенбөө жана жалгыз кудайга байлануу чекитине негиздеген. Философ, хатиб, хавари, мыйзам чыгаруучу, согушчул, улуу пикирлердин негиздөөчүсү, сүрөт жана иконалардан оолак культтун түптөөчүсү, жыйырма дүйнөлүк, бир моралдык империянын негиздөөчүсү, ал – Азирети Мухаммед. Кайсыл маселеде болбосун, ал улуу инсандык үлгүсү, андан да улук инсан болушу мүмкүнбү?».[23]

Адилеттүүлүк бир гана сот тармагында эмес, коомдун бардык жеринде; башкаруучу кол алдындагыларга, жетекчи кызматкерлерине, сатуучу алуучуга, күрөөчү ижарачыга, мугалим окуучуга, ата-эне перзенттерине ж.б. калыстык кылууга тийиш.[24] Себеби, адилеттүүлүк улуу принцип. «Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт», «Калыс арыбайт, калпычы жарыбайт»,  – деп бекер айтылбаган чыгар.

Макалабызды адилеттүүлүгү менен даңазасы таш жарган кадимки Умарул-Адилдин (р.а.) кыяматка чейин өрнөк болчу төмөнкү икаясы менен жыйынтыктайлы.

«Бир күнү Азирети Умар (р.а.) кутпада жамаатка мындай деп кайрылды:

— Мен акыйкаттан тайсам эмне кыласыңар?!

Жамааттын арасынан бир сахаба ордунан туруп:

— Сени кылычыбыз менен түзөйбүз! – деп жооп берет. Муну уккан Азирети Умар (р.а.) алакан жайып, шүгүрчүлүк келтирди:

— Оо, Раббим! Сага чексиз шүгүрлөр болсун. Сенин акыйкатыңан тайып, калыстыктан кыйшайсам кылыч менен түзөй турган жамаатым бар…».[25]

 Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев


[1] Ибн Ханбал, V, 411

[2] Юнус сүрөсү, 54-55; Зумар сүрөсү, 69; Анбия сүрөсү, 47

[3] Нахл сүрөсү, 90

[4] Абу Дауд, Буйу (Ижаара), 83

[5] Бухари, Хиба, 13; Муслим, Хибат, 3

[6] Муслим, Хиба, 18

[7] Табарани, ал-Муъжамил-Авсат, IV, 40-41

[8] Муслим, Имаара, 43

[9] Ибн Мажа, Сыям, 48

[10] Бухари, Азан, 36. Ушул эле хадис башка рабаяттарда Аршты көлөкөсүндө деп келет. Демек, хадисти ушинтип түшүнүү туура.

[11] Ибн Ханбал, III, 23

[12] Акылман Калыгул : Ырлар, акыл-насааттар, даректүү баяндар, илимий-изилдөөлөр. Түз. С. Мусаев, А. Акматалиев. — Б.: Шам, 2000.

[13] Маида сүрөсү, 8; Абу Дауд, Кадаа (Акдия), 6

[14] Маида сүрөсү, 42

[15] Мумтахина сүрөсү, 8

[16] Насаи, Адабул-кудат, 1

[17] Абу Дауд, Дийат, 15.

[18] Бухари, Магази, 173.

[19] Ибн Мажа, Садакат, 17

[20] Ислам илмихалы (ислам дининин өкүм-жоболору), Түркия Республикaсы Дин иштери Бaшкaрмaлыгы, Анкара 2010, 561-563-бб

[21] Бухари, Анбия, 54

[22] Ниса сүрөсү, 135

[23] Michel Lelong, İslamla Yüzleşen Batı, которгон: Али Эрбаш, Стамбул – 2006; 35-б.

[24] Hadislerle İslam// Түркия Диянет Иштери Башкармалыгы, Анкара 2011,  IV т., 414-415-бб.

[25] https://www.milligazete.com.tr/makale/851420/mustafa-yildirim/seni-kilicimla-duzeltirim-diyebilmek

Булак:  muftiyat.kg

Окууну улантуу

TREND │ТРЕНД