Колумнисттер

Кытай Эл Республикасынын Орто Азияга болгон саясаты

Жарыяланган

боюнча

Кытай Эл Республикасынын Орто Азияга болгон саясаты

 

Аккозу уулу Барат

Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 3-курсунун студенти

МНУ – Эл аралык Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы университети

Жалал-Абад шаары, Кыргызстан.

 

 

Аннотация:

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң чоң экинчи экономикага ээ жана өтө тездик менен өнүгүп келе жаткан Кытай мамлекети мындан да өнүгүүгүүнүн жолунда өндүрүш үчүн дагы да көп табигый кен байлыктарга жана даяр өндүрүшүнү сатканы жаңы базарларга жана бул экөөсү үчүн тең логистикалык жолдорго муктаждыгы бар. Кытай өзүнөн кыйла экономикалык алсыз бирок табигый кен байлыктарга бай Орто Азия мамлекеттерине өз кызыкчылыгы үчүн уюштурган “Шанхай кызматташтык уюму” жана “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Орто Азия мамлекеттери үчүн өзүнүн кызыкчылыктарына ылайыктуу саясат жүргүзүүдө. Өзүнөн кыйла чоң күч болгон кошуна Кытай менен жүргүзгөн саясатында Орто Азия мамлекеттери өз кызыкчылыктарын канчалык коргой алууда деген чоң суроо жаралат. Бул макалада Кытайдын Орто Азия өлкөлөрүнө жасаган саясатын сөз кылабыз.

Ачкыч сөздөр: Орто Азия мамлекеттери, Кытай, кызыкчылык, саясат.

Мындан болгону 30 жыл алдын комунисттик Кытай Эл Республикасынын идеологиялык бир тууганы болгон Советтер Союзунун ыдырашы менен Орто Азия аймагында эгемендүү беш мамлекет Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстак жана Түркменистан курулат. Ага чейин Советтер Союзунун курамына кирген Орто Азия аймагына карата өз кызыкчылыгына жараша саясий кадамдарын жасай албаган Кытай үчүн эми майдаланып, жаңы эле курулган, өзүнөн алда канча алсыз мамлекеттер пайда болот жана Орто Азия мамлекеттери үчүн жаңы саясий стратегиясын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Советтер Союзу кулап, жаңы көз карандысыз эгемендүү мамлекеттер  курулганына 30 жыл болсо да Советтер Союзунун мураскери болгон Россия Федерациясы Орто Азиядагы таасирин сактап келет. Бул жагдайга каршы Кытай өтө куулук менен Россия менен катуу карама-каршы пикир келишпестик жаратпастан жумшак күчү менен аймактагы мамлекеттерди кайра төлөй албай турган деңгеелдеги кредит, карыз берүү менен карыз тузагына түшүрүп, Орто Азия мамлекеттерин өзүнө экономикалык жактан көз каранды кылуунун саясатын жүргүзүүдө. Мындай саясатын жүргүзүүнү Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан Орто Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп таануу менен баштаган. Артынан 1992-жылдын 2-январы Өзбекстан менен, 3-январда Казакстан менен, 4-январда Тажикстан менен, 5-январда Кыргызстан менен жана 6-январда Түркменистан менен дипломатиялык мамилелерин кураар замат өзү үчүн өтө маанилүү болгон маселелерди чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштаган. Ал маселелер Советтер Союзунан калган такталбаган тартышмалуу чек ара аймактары жана ал чек ара аймактыранда жайгашылган көп сандагы аркерлердин саны болчу жана өзгөчө Кытай мамлекетин кайгырткан Кытай Эл Республикасынын карамагына кирип калган Орто Азия мамлекеттери менен чектеш Чыгыш Туркистан аймагы болчу, жергиликтүү калктын көпчүлүгүн түзгөн Уйгур түрктөрүнүн да теги бир болгон бир тууган Өзбек, Кыргыз, Казак, Түркмөн элдериндей көз карандысыз мамлекет куруу үчүн аракеттеринин башталышын алдын алуу болчу. Тактала элек талаш чек ара аймактарын тактап чийүү менен өз аймагындагы Уйгурлардын кошуна Орто Азиядагы тууган элдери менен байланышын кесип, Чыгыш Туркистан аймагында өз бийлигин бекемдеген. Бул максаттарга жетүү үчүн өз таасири астында Шанхайда Орто Азия мамлекеттеринин башын бириктирип, башында чек ара маселелерин чечүү үчүн гана башталган кийинчерээк аскердик кызматташууга да өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүшү 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай Эл Республикасы жана Россия Федерациясынын лидерлери тарабынын “Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга” кол коюу менен Шанхай бешилтиги болуп негизделет. 2001-жылдын 15-июнунда Шанхайда бул жолу Өзбекстандында кошулуусу менен Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) ─ Кытай Эл Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Тажикстан тарабынан эл аралык уюм болуп негизделет. 1994-жылдын апрель айында болуп өткөн дагы бир маанилүү окуя Кытай Эл Республикасынын Премьер-министри Ли Пэндин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга жасаган расмий иш сапары болгон. Кытай Премьер-министри Ли Пэндин расмий сапары учурунда Орто Азия мамлекеттери менен соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууга багытталган алты сунушунан бири транспорттук байланыш шарттарын жакшыртуу жана жаңы Жибек жолун куруу болчу. Бул менен тарыхый Улуу Жибек жолунун жаңылануусу башкача айтканда күнүбүздөгү дүйнөлүк эң чоң долбоорлордон бири болгон “Бир алкак-бир жол” долбоору 2000-жылдарга чейин эле сөз боло баштаган.

Кытай дагы да экономикалык чоңоюу үчүн, Кытайдан башталып Европага чейин узаган жаңы заманбап Жибек Жолун курууну 2013-жылы лидер Си Цзиньпин Казакстанга жана Индонезияга жасаган иш сапарында Жибек Жолунун Экономикалык алкагы жана 21-кылым Деңиз Жибек Жолунун биргелешкен долбоорлору үчүн “Бир алкак-бир жол” долбоорунан сөз ачкан. Глобалдык экономиканын келечегин өзгөртө турган “Бир алкак-бир жол” долбоору Азиянын эң чыгышынан Атлантика океанынын Европалык жээктерин бириктире турган жана 65тен ашуун мамлекетти өзүнө камтыган долбоордун жалпы бюджети ар кандай булактардын эсеби боюнча 1 триллион доллардан 9 триллион долларга чейин деп болжолдонууда. Кытай менен Европаны байланыштырган жаңы Жибек жолунда куруусу пландалган темир жолдор, транспорттук жолдор жана газ турбаларынынан турган бул долбоордо Орто Азия өтө маанилүү орунда турат. Кытайдын батышка узаган жолунда борбордук орто колидорунда Орто Азия турат. Кытай “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Казакстанда темир Казакстан-Түркменистан-Иранды байлаган темир жолун курууда, Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу үчүн аракеттер жасалууда, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун Кыргызстанга берилген кредиттин эсебинен Кытай фирмалары курууда. Кытай бул сымал ар түрдүү ири долбоорлорду колдоп кредит берүү менен ал өлкөнү өзүнө карыздар кылууда жана ал долбоорлордун курулушун Кытай фирмаларына берүү менен өзүнүн жарандарын да жумуш менен камсыздап, башка мамлекетке кредитке берилген акчаны кайра эле Кытай фирмаларын алуусун камсыздоо менен акчанын Кытай экономикасына кайтып келүүсүн камсыздап жатат. Жыйынтыгында Кытай фирмалары ири долбоорлорду ишке ашырып ири киреше табууда жана өлкөсүнө салык төлөөдө ошондой эле жүз миңдеген жараны иш менен камсыздалууда жана эң башкысы кредит алган өлкөлөр Кытайга карыздар болуп экономикалык көз карандысыздыкка кирүүдө. Кээ бир өлкөлөрдүн мындай карыз тазагын билип турса да Кытайдан карыз алышканынын себеби Кытай Россия же Америка сыяктуу саясий шарт кошпостон жана башкаларга салыштырмалуу төмөнкү пайыздар менен оңой эле миллиондогон долларларды карызга бере салышкандыгында. Мындай карыз тузагына белинен баткан Тажикстан болсо Кытайга болгон карызынын натыйжасында тоолуу Бадахшан аймагынан миң километр квадраттык жерди Кытайга берүүгө аргасыз болду. Кытай мамлекетинин Орто Азия өлкөлөрүнө кайра кайтарып бере албасын деген ниетте кредиттерди берип өзгөчө көңүл буруп жатканынын себеби “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Орто азия өлкөлөрү Европага узаган өтө маанилүү борбордук орто колидордо тургандыгы үчүн Орто Азия мамлекеттерине карата өзүнүн таасирин күчөтүүнүн аракетин жасоодо. Орто Азия мамлекеттери менен чектешкен Кытай карамагындагы Чыгыш Туркистан аймагында да “Бир алкак-бир жол” долбоорунун коопсуздугун бекемдөө максатында Чыгыш Туркистандагы түрк тектүү мусулман улуттарга өзгөчө көпчүлүктү түзгөн 30 миллиондой адамдан турган уйгур туугандарыбызга карата басымды күчөтүп аларды кайра тарбиялоочу лагерлер деп атаган камакканаларында манкуртташтыруу кытайлаштыруу саясатын жүргүзүп келе жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттер бир тууган Чыгыш Туркистандагы мусулман элдерине карата жасалып жаткан жан кейитеерлик мамилени көрүп турса да бир жардам колун сунмак түгүл сөз менен болсо да Кытайга каршы сөз айта албаган деңгеелде экендиги өкүнүчтүү. Жок дегенде Кытай мамлекети менен мамиле жасап, кредит алууна пландап жатканда Орто Азия презденттери Чыгыш Туркистандын абалын жана Кытай менен жакындан мамиле куруунун кесепеттерин кайра-кайра жакшылап ойлонуп көрүүсүндө пайда бар.

 

Колдонулган булактардын тизмеси:

 

 

Комментарий берүү үчүн чыкылдатыңыз

TREND │ТРЕНД

Copyright © 2021 Все правы защищены