Биз менен байланышыңыз

Коом

Нигерияда таза суу көйгөйү

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Өлкөдө жылына 5 жашка чейинки жүздөгөн балдардын холера сыяктуу оорулардан көз жумгандыгы билдирилди.

Нигерияда 60 миллиондон ашуун адам таза сууга жете албагандыктан ооруга чалдыгуу коркунучунда турат.

Суу ресурстары министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, өлкөдө миллиондогон адамдар таза сууга жете албай жатышат.

Суу ресурстары министри Сулейман Хуссейн Адаму, өлкөдө жылына 5 жашка чейинки жүздөгөн балдардын холера сыяктуу оорулардан көз жумганын айтты.

Мындай абалдын кооптондуруп жатканына токтолгон Адаму, калкты таза суу менен камсыз кылуу милдети өкмөттүн милдети бойдон кала берерин баса белгиледи.

Окууну улантуу
Комментарий берүү үчүн чыкылдатыңыз

Жооп калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *

Түрк Маданияты

ИЗМИР МЕНЕН БОДРУМ “MICHELIN GUIDE” ТҮРК КАРТАСЫНА КИРГИЗИЛДИ

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

  • Измир менен Бодрум Гид Мишлендин кызматкерлери тарабынын дыкат текшерилип, эки жаңы түрк аймагы катары таанылып, гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкты.
  • Муну менен Түркиянын туристтик жерлери дагы эки ири локацияга көбөйдү, байыды.
  • 2023-жыл, 9-ноябрда Стамбулда өтө турган ири иш-чарада, Стамбул менен бирге Измир жана Бодрум үчүн ресторан тандоолору жарыяланат.

Гид Мишлен Измир жана Бодрумду түрк картасына кошулганы, туристтик тармакта Түркиянын аянты дагы да кеңейгенин кубануу менен кабарлады. Ал эми Стамбул менен бирге Измир жана Бодрум үчүн ресторан тандоолору 2023-жыл, 9-ноябрда Стамбулда өтө турган ири иш-чарада өтө турган болду.

Түрк Эгей жана Жер Ортолук деңизинин кулинария маданияты жана жергиликтүү терруарлары сакталып калган Измир жана шарап жолунун жээгинде жайгашкан Урла району туристтерге тамак-аштын бир канча түрүн сунуштайт.

Тамак-аштын түрүн сунуштаган Измирде гастрономия жана модалуу ресторандардын талабына жооп берген, заманбап кофеканаларга, салттуу жана популярдуу тамактануучу жайларга чейин бар. Негизинен мындай ресторан, кафелерди байыркы ашкана маданиятын заманбап бир формада тартуулоого, таанытууга ашыккан, аракет кылган жаш ашпозчулар иштетет. Алар кардарларына көбүрөөк деңиз тамактарын жасап, жаңы кармалган балыкты кууруп, түрдүү салаттар менен конокторго беришет.

Мугла шаарында жайгашкан, түрк туризминин белгилүү дестинацияларынын бири болгон Бодрум да таза жана даамдуу деңиз даамдарын даңктаган түрк ресторандары бар.  Ошондой азия жана италиялык ресторандардын эң популярдуу тамактарын сунуштаган жерлер, өтө креативдүү иштеген  люкс курорттор туристтерге кызмат көрсөтүп келет.

Гид Мишлендин эл аралык директору Гвендал Поулленнек өткөн жылы Стамбулду кыдырып кеткенден кийин Измир менен Бодрумду өз карталарына кошконун билдирди.

“Биз Измир менен Бодрумдун картабызга кошулганынан кубанычтабыз. Чынында эле, бул эки жер эстен кеткис маданий жана туристтик тажрыйбалар үчүн гана эң сонун дестинация эмес, дагы да мүмкүнчүлүктөрү ачылатурган, кулинариялык маданиятты көрсөтө турган район экен. Измир көптөгөн жаш ашпозчулардын жогорку деңгээлдеги гастрономиялык таланттарын ачкан, көрсөтө алган кызыктуу ресторандарды сунуштаса, Бодрум өзүнүн тамактануу жайларынын көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Муну менен катар бул дестинацияда көптөгөн салттуу жана жеткиликтүү ресторандар, шаардын борборунда жайгашкан люкс курорттор да бар. Биз бул эки жаңы аймакты MICHELIN Guide үй-бүлөсүнө кошуу менен “Түркия – унутулгус гастрономиялык өлкө” деген кабарды дүйнөгө жайылткыбыз келди” – деди Гвендал Поулленнек.

Ал эми Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Измир менен Бодрум гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкканына сүйүнүп турганын билдирди.

“Измир менен Бодрум гастрокент катары Стамбулдан кийинки орунга чыкканына кубанычтабыз.   Аймактын азыктарын чарбадан дасторконго чейин жеткирген, аралаштырган, эң квалификациялуу, таланттуу ашпозчуларыбыздын эмгеги менен бай кулинардык маданиятыбызды дүйнөгө таанытабыз. Бул даамдарды татып көрүү үчүн Измир менен Бодрумга келе турган зыяратчыларды Түркэгейдин бирюза суулары, терең тарыхый мурастары, объектилердин сапаты жана чексиз кооздугу таң калтырат.  Түрк ашканасынын күн потенциалын көрсөткөн бул эки шаардан биз сыймыктанып турабыз. Алдыбыздагы жылдарда дагы бир канча шаарларыбыз бул тизмеге кошулаарына ишенебиз” – Мехмет Нури Эрсой.

2022-жылы биринчи жолу чыгарылган MICHELIN Guide Стамбул, Түркиянын борбор шаарынын гастрономиялык потенциалын жана кулинардык ар түрдүүлүгүн көрсөтүп, МИШЕЛИН 5 жылдыздуу  отель, 1 MICHELIN Green Star, 10 Bib Gourmand жана 53 ресторанды сунуштаган. MICHELIN Guide Стамбул ар кандай сезондук жана өзгөчө тамактарды да баса белгилеп, гастрономиялык бистродон тартып, люкс, салтуу ресторандарга чейин жакшы иштөөгө мүмкүнчүлүк жаратып берди.

MICHELIN Guide Измир менен Бодрумдун кулинардык байлыгына өзгөчө маани берет. Аймактын тарыхый жана универсалдуу методологиясынын негизинде эң мыкты ресторандарды сунуштайт.

Michelin Group тамак-аштын сапатын төмөнкү 5 критерий менен баалайт:

– ингредиенттердин сапаты;

– тамак даярдоо техникасын өздөштүрүү;

– даамдардын гармониясы;

– ашпозчунун кулк-мүнөзү;

– Менюдагы ырааттуулук.

MICHELIN Guide Стамбул, “Измир, Бодрум – 2024 ресторанынын” толук тандоосу 2023-жылдын 9-ноябрында Стамбулдагы MICHELIN Guide аземинде өткөрүлөт. Тандоо MICHELIN Guide веб-сайтында, ошондой эле iOS жана Android үчүн акысыз мобилдик тиркемеде жеткиликтүү болот.

Окууну улантуу

ДААМЫ БИР БАШКАЧА! ТҮРКИЯНЫН ТАМШАНДЫРГАН ЖАЙКЫ ТАМАКТАРЫ

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Түркия тамактын түрүн тандап, кайсы жерде болбосун даамдуу меньюну кууп жеткендер үчүн эң мыкты жер. Үч тарабынан деңиз менен курчалган Түркия бай маданий тарыхка, кереметтүү пейзажга жана зыяратчылардын көңүлүн ала турган көптөгөн туристтик жерлерге ээ. Мындан тышкары, бул өлкө кылымдык тарыхы бар гастрономиясы, мыкты даамдары кишини өзүнө тартып турат.

Жайкы сезондо Түркияда зайтун тамактары, жашылчалар жана деңиз азыктары менен даярдалган жеңил рецепттер өтө популярдуу болот. Бүгүн биз жайдын ысык күндөрүндө тамактан жакшы өтөтурган түрк стилиндеги жеңил, пайдалуу жана даамдуу бир нече даамдар менен тааныштырабыз.

ЗАЙТУН МАЙЫ ЖАНА ЧӨПТӨР

Түркияда ден-соолукту чыңдоо, фитнес жана диета сактоодо эч кыйнайлбайсыз. Анткени туура тамактануунун башкы рецептерине киргизилген зайтун майын бул өлкөнүн кайсы тамагына болбосун кошулат. Зайтун тамактары ресторандарда кичинекей тарелкаларда закуска катары берилсе, үйдө негизги тамак болуп саналат. Маселен зайтун майы кошулган жашыл буурчак негизинен закуска катары берилсе,  жай мезгилинде үйлөрдө негизги тамак болуп эле калат.

Тамак жеңил жана пайдалуу болусу үчүн жай мезгилинде эт жана фаршты колдонуу да кыскартылат. Жашыл буурчак, баклажан тамактары, жүзүм сабагынын жаңы жалбырактары (сарма) же фаршталган жашылчаларды (долма) да этсиз бышырып алса болот. Жайында жаңы жашыл чөптөрдү колдонуу да көбөйүп, ар бир тамакка зайтун майы, уксус же лимон кошулган салаттар берилет.

Ошондой эле Түркиянын кайсы жерине барбаңыз, аймактагы уникалдуу чөптөрдү кезиктирүүгө болот. Анткени бул кең пейзажда ар бир аймактын өзүнүн уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгү бар. Мисалы, Эгей деңизинин бермети Измирде “шевкет-и бостан” же “дениз бөрүлжеси” (туздуу тархун) сыяктуу чөптөрдү татып көрүүгө болот. Эгей деңизинин жээгинде топинамбур, чучук гүлү жана башка жашылчалар өсөт. Жайдын аптаптуу күндөрүндө көбүнчө коон-дарбыз жана ак сыр дасторконго көп тартылат. Эзине (Чанаккале) сыры, бир нече тилим коон же дарбыз жеңил тамактардын тизмесин толуктайт.

ТҮРК РИВЬЕРАСЫНЫН ДААМДУУ РЕЦЕПТТЕРИ

Түрк Ривьерасы жагымдуу климаты, укмуштуудай пейзаждары жана ден-соолукка пайдалуу ашканасынан тышкары, жай айларында органикалык зайтун майы менен даярдалган жашылча тамактары менен да кишинин көңүлүн бурат. Тахинли пияз – Түрк Ривьерасына барганда татып көрүү керек болгон деликатестердин бири. Кургак буурчактын тахини, пияз жана помидор менен эң сонун айкалышы жайдын ысык күнүндө негизги тамактын ордун ээлей алат. Ошондой эле дүйнөдөгү эң даамдуу апельсиндердин бири саналган Finike апельсиндерин да сөзсүз татып көрүңүз! Бир стакан муздатылган Finike апельсин ширеси жайдын ысык күндөрүндө сизди сергитет.

Түрк жайкы тамактары бир гана Эгей жана Жер Ортолук деңиз аймактарынын даамдарына негизделген эмес. Айран ашы (йогурт, буудай жана нокот кошулган муздак шорпо) жайдын сүймөнчүгүнө айланган, Чыгыш Анадолунун эң белгилүү жергиликтүү тамактарынын бири. Анадолуга барганда ар кайсы аймактарда ар түрдүү дан азыктары менен жасалган шорподон да ооз тийиңиз. Анадолунун ысык күнүндө эчкинин сүтүнөн жана Караманмарашта өстүрүлгөн жапайы орхидея тамырынан жасалган Мараш балмуздактары да абдан сергитет.

БАЛЫКТАР

Балык Жер ортолук деңиз диетасынын маанилүү элементи болуп саналат.  Ошондой эле түрк ашканасынын эң маанилүү даамдарынын бири. Түркия үч деңиз менен курчалган өлкө катары сезондук деңиз азыктары менен дүйнөгө белгилүү. Жайкы даамдар үчүн түрк менюларында сиз көптөгөн даамдуу балыктарды таба аласыз. Ошондой эле Борнова Мискети, Эмир жана Наринже сыяктуу түрк жерлерине гана таандык жергиликтүү жүзүмдөрдүн ак шараптары деңиз азыктары, зайтун майы жана жайдын жаңы мөмөлөрү менен шайкеш келип, дасторконуңузду толуктайт.

Окууну улантуу

ТҮРКИЯДА «ДЕДЕ КОРКУТ» МАДАНИЯТ ФЕСТИВАЛЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Sabil News

Жарыяланган

боюнча

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 17-23-июль күндөрү Түркиянын Байбурт шаарында Деде Коркут Эл аралык маданият жана искусство фестивалы өткөрүлдү. Жүздөгөн жылдар бою түрк дүйнөсүнүн маданий өзгөчөлүгүн, ошондой эле орток мурасын алып жүргөн Деде Коркут майрамына миңдеген жергиликтүү жана чет элдик коноктор келди.

Деде Коркут түрк маданиятынын көрүнүктүү инсандарынын бири болгон. Анын “Деде Коркут”  эпикалык поэмасындагы баатырдык, эр жүрөктүүлүктү баяндаган окуялары түрк тарыхын жана маданий өтмүшүн чагылдырган эмгек катары эл колунан түшпөй окулуп келет.

Деде Коркуттун күмбөзү жайгашкан Байбурт шаары 1994-жылдан бери көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп келет. “Деде Коркут маданият жана искусство эл аралык фестивалы” да дал ушул жерде өткөрүлдү. Бул фестиваль Байбурттун эң маанилүү маданий иш-чараларынын бири болуп, өзгөчө түрк дүйнөсүнүн кызыгуусун жаратты.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮН БИРИКТИРГЕН МАЙРАМ

Деде Коркут майрамы Масат айылындагы Деде Коркут Турбесине зыярат кылуу менен башталды. Деде Коркут ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилгенден кийин маанилүүлүгү дагы да артты. Фестивалда чирит оюндары, жергиликтүү тамак-аш жарманкелери, сүрөт жана кол-өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, концерттер уюштурулуп, көптөгөн коомдук жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. , Ошондой фольклордук шоулар, поэзия кечелери болуп, конференция жана талкуулар болду.

“Деде Коркут маданият жана искусство фестивалына” түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жана Түркиянын бардык аймактарынан катышуучулар чакырылган. Бул майрамдык жумалыкка ар кайсы өлкөлөрдөн үч жүз миңге жакын катышуучулар келди.

МУУНДАН МУУНГА ӨТКӨН ОКУЯЛАР

“Түрк дүйнөсүнүн даанышманы” катары тилге алынган Деде Коркут түрк эпикалык поэзиясы жана аңгемелеринде өтө көп кездешет. Анын ысымы, даанышман сөздөрүн түрк элдеринин уламыштары жана аңгемелеринде көп жолуктурасыз. Ар кандай риваяттарда аны «Коркут» же «Коркут Ата» деп да атап коюшат. Бирок ал түрк адабиятында өзүнүн аты менен айтылган уламыштарды айтып берүүчү катары белгилүү.

«Деде Коркут» түрк элинин баатырлары тууралуу окуяларды баяндайт.  Анын аңгемелери түрк тил жана адабиятындагы эң көрүнүктүү чыгармалардын катарына кирет. Деде Коркуттун эмгектеринде негизинен түрк уруулары жана үй-бүлөлөрүнүн каада-салттары, үрп-адаттары, маданияты, үй-бүлө түзүлүшү жана адеп-ахлактары жөнүндө маанилүү маалыматтар камтылган. Бул окуялар кийинки муундарга өтмүштү, бабалар басып өткөн жолун жеткирүү максатында жазылган деп болжолдонууда.

Деде Коркутту кол жазмалары аркылуу түрк элинин маданий баалуулуктары мындан ары да муундан-муунга өтүп, кылымдар бою өлбөс болуп жашай берет. Анын эмгектери

өтмүш менен бүгүнкү күндү байланыштырган, чыңдаган, маданий үзгүлтүксүздүктү камсыз кылууга жана келечекке ээлик кылуу сыяктуу жеке иденттүүлүк түшүнүктөрүн жеткирүүгө жардам берет.

Түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген Деде Коркут мурасы да 2018-жылдан бери ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.

Окууну улантуу

TREND │ТРЕНД