Ислам чакырыгынын жана дааватынын максаты диндин ички маңызын адамзатка жеткирүү болуп саналат. Исламда мажбурлоо, кыстоо жолу менен динге киргизүү деген нерсе жок. Мындай жорук динибиз үчүн жат көрүнүш. Кандай гана жагдай болбосун, адамдарга христиан динин таңуулоо жана баптис кылдыруу – Христиан миссионерчилигинин негизги максаты. Миссионерлердин лидери Павлус өзүнүн бир катында мындай деп жазган: «Мен эркин кишимин. Эч кимдин кулу эмесмин. Ошентсе да адамдарды өзүмө ийгерүү үчүн көбүнүн кулу болдум. Жөөттөрдү ийгерүү үчүн жөөтчө аракет жасадым. Алардын шариятына баш ийбедим, бирок, алардын шариятчыларын ийгерүү үчүн шарияттарына баш ийгендей болуп көрүндүм.
Иса Масихтин мыйзамдарын тутунганыма карабастан, эч бир мыйзамга баш ийбегендерди ийгерүү үчүн ошолордой көрүндүм. Алсыздарды ийгерүү үчүн аларга кошулуп алсыз болдум. Эмне болсо да болду, кээ бирлерин куткаруу үчүн түрдүү кейипкер болдум». Каттын мазмунунан маалым болгондой, Павлус максатына жетүү үчүн эрежелерди жыйыштырып коюп, бүт нерсеге башын салып көргөн. Ислам дининде болсо, шариятка байланышкан максаттарга туура эмес жолдор менен барууга тыюу салынган. Бурмаланган Христиан дининде мындай жаңылыш усул мурдатан жүзөгө ашырылып келет. Ушундай кубулмалыгынан жана негизсиз усулга таянгандан улам, элдерди динге үгүттөйбүз деп олтуруп, кайра динден суутуп, натыйжада, нукуралыгынан тайып, жоголуп бараткан учуру.
Миссионерлердин барган жеринде ар башкача кубулуп турушу, элдин динге болгон түшүнүгүн өзгөрткөн. Мунун натыйжасында Христиан дини ар түрдүү секталарга бөлүнүп, ар башка пикирди жамынган диний уюмдар пайда болгон. Христиандаштыруу аракетинде миссионерлердин социалдык жана саясий жактан кыйын абалда турган кембагалдын, талоонго кабылган азчылыктын, согуштан же табигый кырсыктан жабыркаган элдердин муктаж абалынан пайдаланып, материалдык жана моралдык кризисти эксплутациялашы – адамдардын ыйманын сатып алуу дегендикке гана жатат. Азуусунан кан тамган империализм менен камыр жумур мамилесинен улам, миссионерликтин түпкү максаты дин эмес, саясат жүргүзүү экендигин аңдоого болот. Кайсы өлкөнү максат кылышса, биринчи иретте ал мамлекетке жайгашкан соң, окуу борборлорун, чет тилдерин үйрөтүүчү курстарды ачып жана элге пайдалуу көрүнгөн ар кандай иш-аракеттердин көшөгөсүнүн артында христиандаштырууга жан үрөп жатышат. Павлустун усулун колдонгон бүгүнкү миссионерлер «такийяны»-«кубулууну» эң мыкты өздөштүрүшкөн. Алар өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашырышып, көпчүлүктүн көңүлүнө жагуу үчүн ар башкача кубулууну иш-аракеттин негизи деп билишет. Масе- лен, бир мусулман өлкөнү бутага алган болсо, аларга жагынуу же коопсуз көрүнүү үчүн, Курандын аяттарынан окушат, мусулмандарча кийинишет, «поп» дегендин ордуна «устаз», «чиркөө» дегендин ордуна «мечит» өңдүү Ислам динине тиешелүү сөздөрдү колдонушат. Адамдарды дининен чыгарып, өздөрүнө ийгерип алуу үчүн христианчылыкты көмүскөгө катуу – алардын сактануу эрежеси экенин эстен чыгарбоо абзел. Миссионерлердин биз билген жана билбеген дагы далай методдор менен жан үрөп иштеп жатканын аңдадык. Эми эмне кылышыбыз керек? Албетте, ар бир мусулмандын милдети: Өз балдарына жетиштүү таалим-тарбия берүү, өз динин бекем үйрөтүү, ибадаттардын аткарылышын көрсөтүү, адеп-ахлакты өзү жашап үлгү болуу, ар тараптан жардамчы болуу жана көзөмөлдөө. Мусулмандар жок дегенде миссионерлердин бурмаланып, бузулган динин эмес, кажыбас кайратын, талыкпас эрктүүлүгүн көрүп, уялышы керек. Бузулган динге болгон аракетинен намыстанып, эң таза, нукура Ислам динин күнүмдүк турмушта жашап, үгүт-насаат иштерин таштабай улантып кетиши керек. Исламдай улуу жакшылыктын акысын эч убакта кайтара албаспыз, ошентсе да, Пайгамбарыбыз мураска таштап кеткен мусулмандык жоопкерчилигибизге кайдыгер мамиле кылганды токтотолу! Маркум акын Мехмед Акиф мусулмандардын бул өңүттөгү өксүгүнө ишаарат кылып мындай деген: «-Миссионерлер күн-түн дебей жан-үрөшөт, биздин аалымдар Кудайдан вахий күтүшөбү билбейм, ыкшоо тартып жүрүшөт».
Автор: Ислам Кылычбеков